Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы 2012-жылдын 20-сентябрындагы берилген кредит боюнча карыздарын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.
Ошондой эле Атамбаевдин иш-сапарынын алкагында Орусия менен Кыргызстандын президенттери Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жөнүндө Декларацияга кол коюшту.
“Тараптар жалпы аскердик-стратегиялык аймакта биргелешкен коргонууну камсыз кылуу үчүн кызматташат”,-деп жазылган декларацияда. Аны менен катар эле Орусия менен Кыргызстан Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Келишимге кол койду.