Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмдөрү Ош облусунун Өзгөн районундагы, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Токтогул районундагы айыл аймактары боюнча аудит жүргүзүп, 7,2 млн. сом каржылык бузууну аныктады.
Өзгөн районунун айыл аймактарындагы бюджеттик жана муниципалдык мекемелерде 4 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталган.
Алардын ичинен: акчалай жана материалдык каражаттардын жетишсиздиги 18,5 миң сом, эмгек акысын негизсиз төлөө 63,9 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу — 226,9 миң сом, командировкага кеткен чыгымдарды ашыкча эсептөө 95,4 миң сом, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн жогорулатуу 665.6 миң сом, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 2,3 млн. сом, дебитордук эсепти жогору көрсөтүү жана насыялык карыздар 389,1 миң сом, бюджетке түшкөн кошумча кирешелер 198,5 миң сом, КРнын Социалдык фонду 131,1 миң сом.
Каржылык мыйзам бузуулардын жалпы суммасынын 3,2 млн сомунун ордун толуктоо керек. Аудиттин натыйжасында 2,4 млн сом кайтарылды.
Мындан сырткары бюджеттик жоголтуулар 377,4 миң сом, каражаттарды натыйжасыз колдонуу 28,2 миң сом.
Муниципалдык кызматтардын жана бюджеттик уюмдардын өкүлдөрү каржыга байланышкан жөнөкөй иштерде кантип ката кетирери түшүнүксүз. Жөнөкөй жарандардын салыктык которууларынан турган мамлекеттик акчаларга болгон көңүлкош мамиле уурулукка барабар.
Ала-Бука районунун айылдык аймактарында жана бюджеттик мекемелеринде 1,9 млн сом каржылык бузуулар ачыкка чыккан.
Каржылык бузуулардын арасында:
Акчалай жана материалдык каражаттардын жетишсиздиги 23,5 миң сом, эмгек акысын негизсиз төлөө 272,5 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу — 20,6 миң сом, командировкага кеткен чыгымдарды ашыкча эсептөө 13,9 миң сом, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 1,1 млн. сом, дебитордук эсепти жогору көрсөтүү жана насыялык карыздар 321,9 миң сом, бюджетке түшкөн кошумча кирешелер 90,5 миң сом, КРнын Социалдык фонду 108,2 миң сом.
Каржылык мыйзам бузуулардын жалпы суммасынын 1,8 млн сомунун ордун толуктоо керек. Аудиттин натыйжасында 1,5 млн сом кайтарылды.
Бюджеттик жоготуулар 1 млн сомду түзгөн.
Токтогул районунун айыл аймактарында жана Токтогул шаарынын мэриясында 1,3 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталган.
Алардын ичинен:
Жетишпеген жана уурдалган каражаттар 13,9 миң сомду түзгөн, эмгек акысын негизсиз төлөө 480,1 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу — 54,3 миң сом, командировкага кеткен чыгымдарды ашыкча эсептөө 33,0 миң сом, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 303,6 миң сом, дебитордук карыздар 246,2 миң сом, бюджетке түшкөн кошумча кирешелер 88,6 миң сом, КРнын Социалдык фонду 132,8 миң сом.
Каржылык мыйзам бузуулардын жалпы суммасынын 852,0 миң сомунун ордун толуктоо керек. Аудиттин натыйжасында 308,8 миң сом кайтарылды.
Бюджеттик жоготуулар 1,4 млн сомду түзгөн.
Мамлекет билимдүү менеджерлерди дайындамайынча каржылык ресурстарын жогото бермекчи.