2017-жылдын 1-январынан тарта бюджет кодексине өзгөртүүлөр киргизилет, ага ылайык, резервдик фонд түзүлөт. Акча резервин до 3 млрд сомго чейин жогорулатуу пландалууда.
Маалымат
Мамлекеттик резервдик фонд – атайын акча фонду, ал каражаттар өлкөнүн кирешеси азайып кеткен учурда же/ жана мамлекетте муктаждык пайда болгондо мамлекеттик бюджетти бир калыпта кармап туруу үчүн колдонулат. Мындай фонддордун расмий аталышы ар кандай болушу мүмкүн. Көп колдонулганы – турукташтыруучу фонд.
Каржы министрлиги 5 жыл ичинде биринчи жолу бюджет боюнча маалыматты ачыктады.
2018-жылдан тарта бюджеттик уюмдар программалык бюджетке өтүп, каржы министрлигине бир топ жоопкерчиликти артмакчы.
Алгач 4 министрлик: Билим берүү министрлиги, Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Айыл-чарба министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги алгачкылардан болуп программалык бюджетке өтмөкчү.