Партиялардын биринин өкүлү айткандай, өз убактысында курулушту аткаруу органына орус жана кыргыз тараптар кирген.
“Мостоотряд” компаниясы “Темир Жолу” ААКга тиешеси бар. Бүгүнкү күнү депутаттар Баш прокуратурага суубургучтун курулушу боюнча укуктук баа берүүнү дайындады. Компаниянын өкүлдөрүн 50 млн сомдун коротуусу боюнча суракка алыш керек.
ЭКОНОМИКА Жогорку Нарын ГЭСтин суубургучтун керктүүлүгү тураалуу өзүнүн түшүндүрмосүн берет.
Россиядагы Крымск шаарындагы 2013 жылы болгон суу ташкыны көптөрдүн эсинде. Ошол эле жылы Амурда дагы чоң суу ташкыны болгон. Анын күнөөкөрү суубургучтун жоктугу болгон. Суубургучтун негизги милдети суу ташкындоо маалында суунун көлөмүн азайтып шар сууну тегиздөөтүү болуп саналат.
Нарын дарыясы чоң жана көлөмдүү. Гидроэлектростанцияны ишке киргизген маалда суунун көлөмү көбөйгөндүктөн коркунуч жаратылышы мүмкүн. Суубургучтун жоктугунан сууну Нарын дарыясына эле жиберет. Ал күтүлбөгөн кесепеттерди туудурушу мүмкүн. Андыктан “Мостотряд” компаниясынын кайсы негизде акча алгандыгы белгисиз.
Депутаттык комиссиянын жыйынтыгында дагы бир акча каражат көрсөтүлгөн. Ал 94 млн сом. Аны “Кыргызспецмонтаж” компаниясы алып дагы эле эч нерсе аткарган эмес. Бирөөсү россиялык тараптын өкүлү болгон эки компания техниканы сатып алуу үчүн 13 млн сом алып бүгүнку күнгө чейин эч нерсе сала элек.
ГЭСтин жумушу көптөн көп депутаттык комиссиянын жыйынтыгынан көз карандуу. Келечекте “CASA-1000” долбордун аткаруусу да турат. Бул долбордун негизинде Жогорку Нарын ГЭСтин электроэнергиясын сыртка сатуу пландаштырылган.