Ал 50 миң доллар алды делип шектелип, кылмыш иши козголду.
Кылмыш иши 2016-жылдын сентябрь айында козголгон. Ага карата пара алуу кинеси коюлган.
2017-жылдын февраль айында Н. Ашымбеков бул иликтөөнүн жүрүшүндө кармалып, ал Биринчи Май райондук сотунунун токтому менен үй камагында.
Тергөө иштери 2017-жылдын 26-мартына чейин узартылды. Бул тергөө иштеринин көп болгондугуна байланыштуу узартылды.
Сот амнистия колдонуп камактагыларды сот залынан чыгарып жиберген. Иш 2010-жылдын 7-апрелинде митингге чыккандарды аткандарга байланыштуу болчу.
Кыргызстанда соттордун мыйзамсыз аракеттери боюнча көп эле айтылып келет, бирок тилекке каршы жарандар дагы конституциялык укуктарынан колдонбой пара берип келишет. Аны менен катар эле алар өздөрү дагы кылмыш ишинин катышуучусу болуп калышууда.