Мекеменин маалыматына ылайык, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ресурстардын түшүүсү 18,8 пайызга же 8 млрд 756,1 млн сомго көбөйдү.
Эң көп көрсөткүчтөр төмөнкүлөр тарабынан камсыздалды:
Мамлекеттик салык кызматы — 41,1 %,
Мамлекеттик бажы кызматы — 23,2 %,
Мамлекеттик казыналык векселдерден түшкөн кирешелер — 12,1 %,
Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшкөн кирешелер — 1,7 %.
Республикалык бюджетке түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 55 млрд 732,9 млн сомду же пландын 107,2 пайызын түздү. Былтыркыга салыштырмалуу кирешелер 8 млрд 70,1 млн сомго көбөйдү.
Салык кызматы боюнча түшүү 26 млрд 412,7 млн сомду түздү же план 100,1 %га аткарылды. Бажы кызматы боюнча түшүү 14 млрд 916,6 млн сомду түздү же план 101,8%га аткарылды.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын камсыздандыруучу суммаларын түзгөн төгүмдөрдүн жана социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөрдүн республикалык бюджетке түшүүсү 1 млрд 357,3 млн сомду түздү.
Активдер жана милдеттенмелер план боюнча 8 млрд 736,1 млн сом болсо, 8 млрд 582,4 млн сомду түздү, план 98,2% аткарылды. Ишканалар жана уюмдар мурда өздөрүнө берилген ссудалар жана кредиттер боюнча 785 млн сомду түздү. Мамлекеттик казыналык векселдер боюнча түшүүлөр 7 млрд 796,7 млн сомду же планга карата 99,4% болду.