«Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААК «Токмок кагаз фабрикасы» ЖЧКнын 100% үлүшүн сатуу боюнча ачык конкурс өткөрүү боюнча конкурс жарыялангандыгын билдирет. Мүлк Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы зыянга учурагандыгынан улам сатылууда жана эми башкармалык анын баардык мүлктөрүн сатууга тийиш.
ЭКОНОМИКА бул объект 2012-жылдан баштап токтоп тургандыгын тактады. Жер участогун трансформациялоо маселеси азыркыга чейин чечилген эмес. Фабриканын өзүнүн курулушуна 12 жылдан ашык убакыт мурда 100 млн. юан кредит алынган.
Өлкөдө кагаз продукциясын сатууда чыныгы атаандаштык барбы же башка кандайдыр бир себептенби, айтор заводко буюртма жетишпей, жабдыктар токтоп турат, айлантууга каражат жок. Ишкананын мамлекеттик үлүшү 72,5%ды түзөт. Карыздын 1 млрд. сомдон ашып кетиши кагаз фабрикасын чыгашалуу деп табуунун себеби болду.