Бул сумманын 6 млрд доллары же 72 пайызы насыя катары келсе, анын ичинде 2,5 млрд доллары грант түрүндө берилген.
Ушул жылдар аралыгында 372 насыялык жана гранттык келишимдер түзүлгөн.
Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келет. Бул тармакка жалпы 2 млрд 435 млн доллар тартылган. Алардын 2 млрд 145 млн доллары насыя болсо, 289 млн доллары гранттар.
Бул жолду оңдоого керектүү сумма 427 млн долларды түзөт.
Транспорттук тармакты каржылоодон сырткары донор-мамлекеттер энергетикалык тармакты колдоого алган жана бул жакка 1 млрд 903 млн доллар же 21% каражат бөлүнгөн. Бул сумма Кыргызстанга электр энергиясы жактан коз карандысыз болууга жардам берди. Олега Панкратовдун айтымында, жакынкы күндөрү Кыргызстан электр энергиясын экспорттоп баштайт.
Камбар-Ата 2 ГЭСи орусиянын каржылык-техникалык жардамы аркылуу гидроагрегат коюлганы 2009-жылдан баштап иштеп келет.
Кытайдын Эксим банкы 2014-жылдан тарта Бишкектеги жылуулук станциясын жаңылоо үчүн 386 млн доллар бөлгөн.
Эл аралык уюмдар Кыргызстанды кандай колдоп, насыя бергендери менен макроэкономика жай өнүгүүдө. Бул жылдар аралыгында экономикалык өсүүдө туруктуулукту тигүүчүлүк тармагы гана көрсөтүп келет. Тармак катары экономиканын башка секторлору өздөрүн көрсөтө алган эмес.