Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, жыл сайын чарбачылык субъектилер тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен берилген бюджеттик насыялардын жана чет өлкөлүк насыяларды кайтаруу динамикасы өсүүдө.
Эгерде Агенттик уюшулганга чейин (1997-ж.) зайымдык каражаттарды кайтарып берүү 96,2 млн. сомду түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 3 млрд. 623,06 млн. сомдон ашкан, башкача айтканда 37,66 эседен ашык өскөн.
Бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк насыялар жана башка булактардан эсебинен берилген насыялар боюнча мамлекеттик зайымдык каражаттарды өз убагында кайтарууну камсыз кылуу максатында, төлөөгө жөндөмдүү субъекттердин карызды кайтаруу графиктеринин негизинде бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк насыялар боюнча карызды кайтаруунун план-болжолу, жыл сайын Агенттик тарабынан түзүлөт жана тийиштүү жылга КР «Республикалык бюджет жөнүндө» Мыйзамы менен бекитилет.
Эске сала кетсек, агенттик төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткарат:
- бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк насыяларды кайтаруу боюнча план-божомолду камсыз кылуу;
- башкаруу тутумун (системасын) ылайыкташтыруу жана өркүндөтүү;
–өнбөс жана көйгөйлүү карыздарды жөнгө салуу,
–бюджеттик насыяларды эсепке алуу жана контролдоо тутумун (системасын) модернизациялоо.