Келишимдердин бирине ылайык, Өзбекстан чыгарып жаткан автобустар Кыргыз жеринде да куралып башташы мүмкүн. Ошондой эле айыл-чарба техникасы өндүрүлүп, кир жуучу машиналар куралат. Мындан сырткары дилерлик борборлор уюштурулуп, кабелдик өнүмдөр ташылып, Ош шаарында соода-көңүл-ачуучу борбор курулат. Кыргыз Республикасынын аймагында «Артель» техникалык мектебинин филиалы ачылат.
Унаа чыгаруучу фирмалар менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду жана Өзбекстанга дөңгөлөктөрдү, суу, бал, өсүмдүк майын, таш ташуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрдү.
Эки тарапты тең кызыктырган негизги маселе эки өлкөнүн ортосундагы товар айланууну жогорулатуу болду. Ошондой эле мындан ары дагы кызматташуу үчүн приоритеттүү тармактар аныкталды.