Транспорт жана жолдор министрлиги 2018-жылга карата унаа жолдорун жана курулуштарын оңдоо жана кароо Планынын долбоорун 1 894 813,4 миң сомдук бекитилген контролдук сумма алкагында иштеп чыкты.
2018-жылга карата титулдук тизмени түзүүдө 2017-жыл жана мурдагы жылдар үчүн 347 852,2 миң сом суммасында чогулган кредитордук карызды жоюу каралган, бул сумма 2018-жылдын 1-январына карата жалпы карыздын 85,7 % түзөт.
Аны менен катар эле 59 416,0 миң сом өлчөмүндөгү каражат жери жана мүлкү Түндүк-Түштүк унаа жолун куруу долбооруна туш келген Жалал-Абад жана Нарын облустарынын тургундарына компенсация төлөө, жерди трансформациялоо максатында каралган.
“Кредитордук карызды жана компенсациялык төлөмдөрдү жоюунун натыйжасында, 2018-жылы асфальт бетон жана кара шагыл жабуусун төшөө иштери 2017-жылга салыштырмалуу азаят”,-деп билдирди Транспорт жан жолдор министри Калилов.