Брюссел Кыргызстанга 184 млн евро гранттык негизде бөлдү.
Брюссел Кыргызстанга гранттык негизде 184 миллион евро бөлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтин берген маалыматында, 2014–2020-жж. карата көп жылдык индикативдик программага ылайык Кыргызстан үчүн эки тараптуу негизде каралган гранттык жардамдын жалпы суммасы 184 млн еврону түзөт. Ошондой эле ЕБнын КРдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүгүн каржылоосунун негизги тармактары — укук үстөмдүгү (коррупция менен күрөшүү, мыйзам чыгаруу реформасы, сот реформасы), билим берүү, айыл региондорун комплекстүү өнүктүрүүгө жумшалууда.
Негизинен каражат төмөндөгү тармактарга колдонулат.
2014–2020-жылдардагы МИПтин негизги тармактары:
- укук үстөмдүгү (20,5 %) — 37,72 млн.евро
- билим берүү (39,0 %) — 71, 76 млн.евро
- региондорду комплекстүү өнүктүрүү (39,0 %) — 71, 76 млн.евро
- колдоо иштери (1,5 %) — 2, 76 млн. евро
Бардыгы — 184,0 млн еврону түзөт.
Мындан тышкары Жалал-Абад облусунун калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу, айыл чарба тармагын жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө 2017-жылдын 16-февралында айыл региондорун комплекстүү өнүктүрүү программасы боюнча 10 млн евро өлчөмүндөгү финансылык макулдашууга кол коюлган.
Наргиза Өмүрбек кызы