Чүй, Талас облустарынын райондорундагы жана Бишкек шаарындагы оңдолгон жерлер:
168 чакырымга созулган кубаттуулугу 35 кВ болгон электр чубалгылары жана 10/6–0,4 кВ ЛЭП;
Кубаттуулугу 35÷6−10 кВ,33 болгон көмөк чордондор
Кубаттуулугу 10/6–0,4 кВ болгон 1050 көмөк чордондору
Кубаттуулугу 10/6–0,4 кВ болгон 103 км чубалгылар
Жоготууларды азайтуу үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы 1321 чакырым жолдун жээгинде өскөн дарактарды кыйып чыккан, 71 км электр зымдары алмаштырылган жана 6 май көмөк чордондору алмаштырылды.
Ушул жылдын 8 айына карата капиталдык салымдардын көлөмү 266,2 млн. сом болгон. Отуз сегиз кошумча көмөк чордон орнотулуп, 74,7 км ЛЭП жана 17 921 эсептөөчү жабдуу алмаштырылган.
“Түндүкэлектр” ишканасы оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда электр энергиясы өчүрүлөрүн эскертет. Оңдоо иштеринин графиги өз убагында өз алдынча башкаруу органдарына берилүүдө.
Электр энергиясын өчүрүү тууралуу маалыматтар алдын ала www.severelectro.kg сайтына жайгаштырылат