В Государственной ипотечной компании обещают ставки ипотечного кредитования до 7 процентов годовых
Немис өнүктүрүү банкы (KfW) өлкөнүн айылдарына ипотекалык насыя берүүнү өнүктүрүү жана эконом класстагы турак-жайларды куруу үчүн өкмөткө 11 миллион евро грант бөлөт.
В Кыргызстане в 2017 году рост ВВП составил 4.5 процента
Долбоордун презентациясы жакында Бишкекте болду.
Буга ылайык, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы капиталды көбөйтүү үчүн немис тараптан акча алат. 10,5 миллион сом банктар ортосунда – долбоордун катышуучулары үчүн 15 жылга чейин бөлүнөт. Калган 500 миң евро кеңешчилердин кызматтарына жана катышуучу банктарды жана мамлекеттик ипотекалык компанияны техникалык колдоо үчүн сарпталат. Долбоорго катышуу үчүн 5 коммерциялык банк тандалып алынат.
В Бишкеке и Нарыне строят жилые дома эконом-класса по программе "Доступное жилье"
Турак-жайды каржылоо Кыргызстандын аймактагы жашоочуларына социалдык турак-жай сатып алуу үчүн улуттук валютада ипотекалык насыя алууга мүмкүнчүлүк берет. Бишкек жана Ош шаарлары бул программага кирбейт.
Насыялар улуттук валютада берилет. Акчалар үй сатып алууга же үй курууга 15–30 миң евродон берилет. Белгилей кетсек, Немис банкынын колдоосу менен берилип жаткан насыялар азыркыдай бюджетте иштегендерге гана эмес бардык жарандарга жеткиликтүү болот.
Ипотекалык насыя берүү механизми
1. КРнын жарандары шаар мэриясына (Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары), муниципалдык администрацияга же жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга анекта-арыз менен кайрылат. Кайрылган жер “Жеткиликтүү турак-жай 2015−2020” программасынын катышуучуларынын тизмелерин түзүшөт.
2. Топтолгон тизмени Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы кабыл алып, тандоо талаптарына карата текшерип чыгат.
3.Мамлекеттик Ипотекалык Компания катышуучулардын тизмелерин карап, бекиткенден кийин өнөктөш банктарга жөнөтөт. Катышуучу өнөктөш-банктарга кайрылып, документтерди берип, турак-жай тандайт.
4. Өнөктөш банктардын канаттандыраарлык чечими чыккандан соң, катышуучу алгачкы салымын төлөп, ипотекалык насыя алат.