Максаттуу трансферттер иш жүзүндө 3 млрд. 647 млн. 460,8 миң сом суммасында каржыланды, анын ичинде:
- жергиликтүү бюджеттердин финансылык айырмачылыктарын жабууга жана азайып кеткен кирешелеринин ордун толтурууга – 2 млрд. 336 млн. 785,1 миң сом;
- 2016-жылдын 4-кварталында төмөндөп кеткен сатуудан алынуучу салыктын ордун толтурууга – 627 млн. 741 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык, «Ош жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоосуна байланышкан компенсациялык чыгымдарга – 221 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомуна ылайык 2017-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын жогорулатууга – 166 млн. 410,5 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 «Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө учурунда 50 % өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө – 138 млн. 799,7 миң сом;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүп берүүгө республикалык бюджеттен 68 млн. 255,6 миң сом бөлүндү;
- тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого – 31 млн. 71,1 миң сом;
- Нарын шаарынын жылуулук энергиясы боюнча кредитордук карызын жабууга – 15 млн. сом;
- Бишкек шаарынын мектептерин оңдоп-түзөөгө – 11 млн. 911 миң сом;
- багуучунун каза болгондугуна байланыштуу бир жолу берилүүчү жөлөкпулга – 11 млн. 670,5 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-июнундагы №222-б буйругуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 14-июнундагы чечимине ылайык операторлордун эмгегине акы төлөөгө республикалык бюджеттен 10 млн. 816,3 миң сом бөлүндү;
- “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы мамлекеттик конкурсунун жеңүүчүлөрүн каржылоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №66-б буйругуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 6-мартындагы чечимине ылайык республикалык бюджеттен 8 млн. сом бөлүндү.
Маалымат иретинде:
Өз ара эсептешүүлөр боюнча бир бюджеттен экинчи бюджетке берилүүчү каражаттар төмөнкү учурларда каралат: