Министр бул долбоор 2017-жылы экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга насыя берүүчү коммерциялык банктардын үстөк пайызын субсидия кылуу үчүн республикалык бюджеттен 350 млн сом бөлүү каралганын белгиледи. 2017-жылы экспортчуларга жана өндүрүүчүлөргө берилүүчү каражат 3,5 млрд сомду түзөт.
Жеңилдетилген насыяны алуучулар төмөнкүлөр:
- 50 пайыздан кем эмес жергиликтүү сырьену жана материалды кайра иштетүү жана пайдалануу жолу менен даяр продукцияны өңдүрүүгө негизделген иштетүүчү өнөр-жайы;
- текстилдик (пахта, жүн, трикотаж, бышкан кийиз, тордоп токууну кошкондо); тигүү, булгаары, мех, бут кийим чыгаруучу жеңил өнөр-жайы; тамак-аш өнөр-жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
- республикада аналогдору болбогон жабдуулардын, продукциянын жана товарлардын өнөр-жай өндүрүшү ошондой эле жогорку технологиядагы продукцияны жана жабдууларды өндүрүүчү ишканалар.
Долбоор боюнча насыя берүүдөгү негизги шарттар:
- акыркы пайыздык ставка — жылына 10 пайыз
- Насыянын мөөнөтү жүгүртүү каражаттарына карата 3 жыл жана негизги суммага 5 жыл;
- Жеңилдетилген мезгил негизги сумма боюнча 6 айга чейин.
Ушул долбоордун алкагында негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алууну кошо алганда өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.
Насыянын өлчөмү бир ишкер субъект үчүн 250 млн сомдон ашпашы керек.
Аманат каражаттары жетишпеген учурда келишимдер боюнча кепилдик фондунун жоопкерчилигинин көлөмү кардардын банктын алдындагы негизги милдеттенмесинин (кредиттин негизги суммасынын) көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоосу керек.
Насыя берүүдөгү негизги шарттар (талаптар):
- өндүрүштүк линиянын болушу;
–насыя алуучулардын банктардан алган кредиттери боюнча терс кредиттик таржымалы жана төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу;
–салыктар жана башка милдеттүү чегерүүлөр боюнча төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу,
- СТ-1 формасындагы чыгарылган жери тууралуу сертификатты;
Долбоордун максаты –жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялык каражаттар менен камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн продукцияны анын чегинен тышкары ташып чыгуучу жана Кыргызстанга ташылып келген продукцияны алмаштыруучу республиканын ишкер субъекттерине, ошондой эле экспортко багытталган ишканаларды сырьёлук же комплекттөөчү база менен камсыз кылган чакан жана орто ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жумушчу орундарды түзүү болуп саналат.
Долбоордун артыкчылыктары:
–жумушчу орундар түзүлөт, ишканалардын өндүрүү кубаттуулугу жогорулайт;
- өндүрүштүн көлөмү көбөйөт жана салыктык чегерүүлөрдүн көлөмү жогорулап, бюджеттин кирешелери көбөйөт;
- Долбоорду ишке ашыруу Экономика министрлиги менен Финансы министрлигине жүктөлөт.
Ишке ашыруу мөөнөтүнүн башталышы 2017-жылдын сентябрь-октябрь айлары. Учурда КРнын Финансы министрлиги тарабынан бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 2017-жылга карата бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда.
Бул долбоорго ылайык, 2017-жылы экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга насыя берүүчү коммерциялык банктардын үстөк пайызын субсидия кылуу үчүн республикалык бюджеттен 350 млн сом бөлүү каралган”,-деди министр А. Кожошев.