185 миң 229 калк жашайт. Алардын ичинен 160 миң 573 киши айылда, 24 миң 656 шаарда жашашат. Шаар жашоочулары толугу менен таза суу, электр энергиясы жана газ менен камсыз болушкан. Социалдык обьектилер толук жетиштүү. Район аймагында 102 айыл бар болсо алардын 34% же 35 айыл таза суу менен камсыз болушкан.
2017-жылдын башынан бери Кадамжай районунда кандай иштер аткарылды?
Район аймагында республикалык бюджеттин эсебинен 12 обьект жана 4 чакырым жол каржыланып, алардын жалпы сметалык баасы 1462,3 млн сомду түздү.
Инвестиция тартуу
Өкмөттүк эмес, Эл аралык уюмдар ошондой эле ички инвестиция республикалык бюджет тарабынан 2017-жылдын II-кварталында 159 долбоор колдоого алынып, 193.9 млн сомдук инвестиция тартылды. Ал эми кредит алуу боюнча жыл башынан бери 4565 кишиге 446.4 млн сомдук кредит берилген. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырганда 160,0 млн сомго көп болуп саналат.
Ишканалар:
-“Мурзакарим” ЖЧКсы кыш чыгаруучу завод. Суткасына 30–40 мин даана кыш чыгарып 70 адам иш менен камыз болгон.
- “Тибет Ажу” ЖЧКсы кыш чагруучу завод. Суткасына 25–30 миң даана кыш чыгарып 50 адам иш менен камсыз болушкан.
-“Бек-Бол” ЧП- сут азыктарын кайра иштетүүчү кичи завод.
-“Кааров Ислам” ЧП суткасына 500–100 литрге чейин сүт азыктарын кайра иштетүүчү кичи завод. Учурда заводтун тетиктери Россия Федерациясынан алынып келинип орнотулду.
— “С. Даминов” ЧП “Кадамжай ширеси” мөмө жемиштердин ширесин чыгаруу жана упаковкалоо ишканасы. Германия технологиясы менен 1,5тонна жемиштен саатына 1тонна шире чыгарат.
Алдыдагы пландар:
Киреше алып келүүчү ишканаларды ачуу менен кошумча жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү бюджетке кошумача киреше алып келүү. Район аймагында токтоп турган ири өнөр жай ишканаларын ишин жандандыруу. Атап айтканда токтоп турган «КСК» АКсы, учурда «Чжунтен» Кытай компаниясы менен келишим түзүлүп кичи завод курулууда. Ал эми «Айдаркен сымап акционердик коому» «Северсталь» ЖЧКсы менен 7 млн АКШ долларына келишим түзүп, 5 этап менен суу каптап калган шахтыларды тазалоо менен кендерди кайра иштетүү каралган.