Ат-Башы районунун аймагында бүгүнкү күндө 64064 адам жашап жана эмгектенүүдө. Район республикабызда бийик тоолуу аймак болгондуктан, элибиздин жашоо-турмушу негизинен айыл чарбасы анын ичинен, мал чарбачылыгын багып өстүрүүгө багытталган. Райондун экономикасынын киреше бөлүгүнүн 60–65% мал чарбачылыгынын азык-түлүктөрүн сатып-өндүрүүдөн түшөт.
Район тарабынан дыйкан-фермерлерди колдоо, күйүүчү-майлоочу май, жер семирткич, кредит маселелери боюнча көмөк көрсөтүү көңүлдүн борборунда болуп келүүдө.
Ат-Башы ишканасы 7–8 тонна сүттү кайра иштетип чыгарат
Өткөн жылдарда райондук масштабда дүң продуктунун көлөмү орточо жыл сайын 2,5–3,0 пайызды түзүүдө. Ал эми өнөр-жай продукциясын өндүрүү 2016-жылы 2015-жылга салыштырганда 21,1 пайызга көбөйгөн. Себеби, райондо суткасына 7–8 тонна сүттү кайра иштетүүчү Ат-Башы Сүт ишканасы ачылып, 25 адам жумуш менен камсыз болуп, 2016-жыл ичинде 5 млн 879 миң сомдук сүт азыктарын өндүргөн.
Райондо бодо мал (уй-топоз) 38540 баш, кой-эчки 244947 баш, жылкы 25516 баш. Малды багып, кармоо үчүн 24000 гектардын айланасында чөп өсүмдүктөрү чабылып, жыйналып алынат. Андан тышкары дан эгиндеринен, же тактап айтканда жыл сайын болжолдуу 2,5 миң гектар жерге арпа айдалып, орулат.
Мындан сырткары райондо 1700 гектарга жакын жерге картошка отургузулуп, ар бир гектарынан 142 центнерден алынып, жалпысы 24000 тоннанын айланасында картошка өндүрүлүп, 10000 тоннага чукулу сатыкка кетет.
Өндүрүлгөн мал чарба азыктары: 2017-жылдын 1-январына карата 10126 тонна эт, 23871 тонна сүт, 1374,7 миң даана жумуртка жана 498,4 тонна жүн өндүрүлгөн.
Райондо жана ар бир айылда туруктуу өнүгүүнүн 2015–2017-жылдарга карата программасы же болбосо Жол картасы иштелип чыккан. Жол картага ылайык ар бир айыл өкмөтү туруктуу уюштуруучулук иштерди алып барууда. Өткөн 2016-жылы районго 125 млн сомдук инвестиция тартылган. Экономиканы көтөрүүнүн эң башкы жолу бул райондун тармактарынын ишенимдүү жол менен өнүгүүсүн камсыз кылуу, ал үчүн жогорку класстагы үрөндөр менен камсыз кылуу, трактор, комбайн жана айыл чарба шаймандарынын алынып келүүсүн, техникалык парктарды жаңыртуунун чараларын көрүү эсептелет.