Тоң районунда калктын саны жана жашоо шарты кандай?
Тоң районунда калктын саны 62 миң 466 адам. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги, 1607 метрди түзөт.
Тоң районунда 2017-жылдын башынан бери кандай иштер аткарылды?
Республика боюнча эң алгачкылардан болуп Тоң районунда МТС ачылды. Жалпы баасы-13119,9 акча каражаттын түздү. Мындан тышкары техникалык түрдө тартылган инвестициянын жалпы баасы-38567,3 миң сом. Ал каражатка 28 техника алынды.
«Тоң» ашуусу боюнча Тоң районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан көтөрүлүп, жакында жеке ишкер Р. Ирсалиев менен сүйлөшүүлөр жүрүп, оор техникаларды тартуу каралды. Иштерди уюштурууга, ГСМге Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 1000,0 миң сом акча каражаты каралууда.
Экономиканы көтөрүү багытындагы жасалган иштердин баардыгын рейтинг менен көрсөтүп берсеңиздер?
Көк-Сай , Коңур-Өлөң, Көк-Мойнок айылдарына кичи ГЭСтер курулуу алдында турат.
Курулушка Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусунан 270 000 000 сом акча каражаты арзандатылган насыянын эсебинен берилип жатат.
Ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүү максатында эң алгачкы жолу “Тоң Ааламы” аттуу этно туристтик жарманке уюштурулду.
Тоң районунда ишканалар барбы? Болсо, эмне иштетип чыгарат?
Жалпы район боюнча 81 кичи ишкана бар. Алардын басымдуу бөлүгү тегирмен, нан бышыруучу жай, кондитердик азыктар, брусчатка, пескоблок чыгарышууда.
Ысык-Көл облусундагы 5 райондун ичинен кандай өзгөчөлүккө ээ?
Тоң районунда приоритеттүү өзгөчөлүк Эко туризм.
Айыл-чарба тармагында көбүнчө эмне өндүрүлөт?
Өндүрүү: айыл чарба азыктары: | 2016-жылы (миң. тонна,) |
Эт | 9360 |
Сүт | 28135 |
Жумуртка (миӊ.шт.) | 1415,0 |
Жүн | 425 |
Буудай | 16210,2 |
Картошка | 53475,4 |
жашылчалар | 2193,5 |
Тоң районунун экономикасын көтөрүү багытында алдыда кандай пландар аткарылат?
Учурда “Үч-Коргон” БСРнин ПСДна Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 3900,0 миң сомго акча каражаты каралып, “Кыргыз-Суу-Долбоор” ишканасы 2 айдын ичинде бүткөрүү алдында турат.
Мындан тышкары Улахол айыл аймагында мрамор өндүрүүчү завод ишке берилип жатат, Акиташ чыгаруучу завод курулуу алдында жана эт цех курулуп, жакын арада ишке кирет.