Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Ак-Суу районунда аткарылган жумуштар:
Эт өндүрүүнүн көлөмү 2017-жылдын январь-май айларында 2016 –жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 101,6% көбөйдү. Ошондой эле сүт өндүрүү 15 миң 790 тоннаны түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилдерине салыштырмалуу 100,5% көбөйдү. Жалпы айыл чарба азык-түлүк продукциясынын дүң жыйымынын көлөмү 2017-жылдын январь-май айларында район боюнча 833,6 млн сомду түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилдерине салыштырмалуу 101,1% өстү.
«Шайма-Шай-Бейшеке-Баба-Дыйкан» аталыштагы жаңы типтеги пилоттук кооператив түзүлүүдө
Кооперативтик кыймылды өнүктүрүү максатында райондо түзүлгөн кооперативтердин ишин жандандыруу, кичи кооперативтерди ирилештирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул багытта «Шайма-Шай» жана «Бейшеке-Баба-Дыйкан»кооперативтери «Шайма-Шай-Бейшеке-Баба-Дыйкан» аталыштагы жаңы типтеги пилоттук кооператив түзүлүүдө.
Кирешенин 85% айыл чарбасынан алынат
Айыл чарбасы райондун негизги киреше берүүчү тармагы болуп, жалпы кирешенин дээрилик 85% айыл чарбасынан алынат. Район аймагында дан эгиндери, картошка, жашылча эгилип, мөмө жемиштер (алма,алмурут, өрүк, чие) өстүрүлсө, мал чарба тармагында негизинен кой-эчки, ири мүйүздүү малдар(уй, топоз) канаттуулар багылат.
Өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн 200 млн сомго жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар
2020-жылдары өнөр-жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн район боюнча 200,0 млн сомго жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар (Сырт өөрөнүндөгү кен байлыктарды иштетүү менен). Район аймагында калай-вольфрамдын, чачылма алтындын, көмүрдүн (запасы 22,0 млн тонна), гипстин жана башка кен байлыктарды иштетүү менен жогорку көрсөткүчтөргө жетишебиз.
Жогоруда белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүм берүүчү үрөндөр менен камсыз кылуу жана асыл тукум малдардын санын көбөйтүү багытында жумуштар жасалууда.