• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Акимдердин рейтинги. Түгөлбай Жанбоев, Нарын районунун акими: Сегиз айылда ичүүчү таза суу системасы жок

naryin-1

👁 1,673

–Нарын районунда калктын саны жана жашоо-шарты кандай?

–Нарын районунда калктын саны жылдан-жылга өсүүдө. 2017-жылдын 1-январына карата жалпы калктын саны 49 миң 683 адамды түзүп, 10 миң 254 түтүн катталган. Калкыбыз негизинен мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, малдын башы өсүүдө, бодо малдар 61 миң башка, кой-эчки 240 миң башка чейин жетти. Акыркы 5 жылга салыштырганда бодо малдын саны 2 эсеге, майда жандыктар 20 миң башка көбөйгөн.

Райондогу 36 айылдын 28 айылында ичүүчү суу системасы курулган, элибиздин 83%ы ичүүчү суу менен камсыз болгон. Учурда бир айылда ичүүчү суу системасынын курулушу жүрүп жатат. Райондо 31 бала бакча, 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 28 ФАП, 34 мектеп элге кызмат кылат. Он үч айылдын ички жолдору асфальттанды. Дагы 3 айылда жалпы 5 чакырым ички жолду асфальттоо жүргүзүлөт.

-2017-жылдын башынан бери кандай иштер аткарылды?

–Ак-Кудук айыл аймагы райондогу эң алыскы аймак катары “Ага Хандын” “Эм Эс Ди Эс Пи Кей Джи” коомдук фондуна пилоттук аймак катары кирип, өнүктүрүү программасы иштелип чыкты. Эми ПРООНго Жерге-Тал айыл аймагы пилоттук аймак болуп киргизилди. Мунун алкагында 6 млн сомго чейинки долбоорлор ишке ашат.

Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр тарабынан 13 долбоор даярдалып, байкоочу кеңештин кароосунда турат.

–Нарын районунун экономикасын көтөрүү багытында кандай иштер жасалды?

–Ветеринардык клиникалардын курулушу 3 айылда бүткөрүү алдында турат, 4 айылда жерлери чечилип, каржылоо булактары аныкталды. Район боюнча 17 малды жасалма жол менен уруктаныдыруу пункттары ачылып, 4 жыл аралыгында “Лимузин” жана “Сементал” породасындагы 136 торпоктор алынды.Ошондой эле жыл башынан бери 21 жумуш ордун түзгөн, 6 ишкер субьект жаңы катталды. Булардын эсебинен жергиликтүү бюджетке 3,2 миң сом чегерилди. Өткөн жылы райондо өнөр жай продукциясын өндүрүү көрсөткүчү аткарылбай калган, жыл башынан бери Солтон-Сары кен казуу ишканасынын жетекчилиги менен өндүрүштү жандандыруу боюнча сунуштарды берип, 2017-жылдын 5 айында 107,1 пайыз жумуш аткарылып, өсүү темпи 134,7 % түздү.

-Кандайдыр бир кичи ишканалар барбы, болсо эмне иштетип чыгарат?

- Нарын районунда 3 нан азыктарын чыгаруучу кондитердик цех, 3 айылда сүт иштетүүчү цех, жүндү кайра иштетүүчү бир «Урмат Уз» кооперативи бар. Бул кооперативден улуттук колоритте даярдаган продукциялар чет өлкөгө чейин чыгат.

2016- жылдан бери 157 бал челектер ачылып, экологиялык таза бал өндүрүлө баштады.

Жашылча өстүрүүчү күнөсканалар 11 айылда курулган. Мындан тышкары 4 пескоблок чыгаруучу жана 2 айылда чийки кирпич чыгарган цехтер бар. Ошондой эле 6 айылда тоок ферма ачылган. Бүгүнкү күндө анын төртөө иштеп жатат.

–Райондо кандай жетишкендиктер жана кемчиликтер болууда?

–2017-жылдын 1-январына карата 1549 өтө жакыр үй-бүлө катталган, өткөн жылга салыштырмалуу 77 үй-бүлөгө кыскарган.

Билим алууга шарт түзүү багытында Эчки-Башы айылына 225 орундуу, Миң-Булак жана Орто-Саз айылдарына 150 орундуу мектептер, Эмгек-Талаа айылына 75 орундуу бала бакча курулууда. АРИСтин каржылоосу менен Кызыл-Жылдыз айылына 50 орундук бала бакчанын, 2 айылда ФАПтын курулушу жүрүп жатат. Ал эми кемчилиги сегиз айылда ичүүчү суу системасы жок, бала бакчалар жетишсиз.

-Нарын районунун экономикасын көтөрүү багытында, алдыда кандай пландар аткарылат? 

–2017-жылы жалпы 8 ветклиниканы бүткөрүп, пайдаланууга беребиз. Жылдын аягына чейин жеке бизнести өнүктүрүү максатында 6 ишкер субьекти ачабыз.


Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости