• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Акимдердин рейтинги. Советбек ИСМАИЛОВ, Түп районунун акими : Башталган курулуштар токтоп турат

tup

👁 1,032

Түп району 1935-жылы түзүлгѳн. Райондун жалпы аянты 212121 миң чарчыны түзѳт. Калкынын саны 64 миң 871 адам, анын ичинен этникалык курамы боюнча 52 миң 605 кыргыздар, 12 миң 266 башка улуттун ѳкүлдѳрү. Калктын 80%нан ашыгы дыйканчылык менен алектенет.

Акча каражаттын тартыштыгынан башталган курулуштар токтоп турат

Эл аралык маанидеги “Түп–Кеген” автожолунун курулушун улантууга 2017-жылга республикалык бюджеттен 27,5 млн сом каралды.

Республикалык бюджеттин эсебинен Сары-Тологой, Токтоян, Ичке-Суу айылдарынын мектептеринин курулуштары жана Түп айылында 17603,167 сомдук спорткомплекстин курулушу башталып, акча каражатынын тартыштыгынан убактылуу иш токтоп турат. Мындан сырткары Түп айылында 26495,865 сомго райондук санитардык эпидемиялык көзөмөл борборунун имаратынын жана Кичи –Өрүктү айылында маданият үйүнүн курулушу жүрүп жатат.

Өндүрүштүн өсүү темпи былтыркы жылга салыштырмалуу 121% болду

Райондо эки чоң ѳнѳр жай ишканалары бар. Алар ААК «Күрмѳнтү цемент» заводу жана ЖАК «Сүт-Булак» заводору, сок чыгарган «ЭФАС компании», «Экопродукт» жана «Элдик», «Элита» тегирмендери иштейт.

Райондун экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында ѳнөр-жай тармагында 2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен өнөр-жай ишканалары тарабынан 88204,0 сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн өсүү темпи 121% болду.

Кылкандуу дан эгиндер көп айдалат

Түп районунда айдоо жер аянттарынын аянты 52081 гектарды түзѳт. Башка райондорго салыштырмалуу кылкандуу дан эгиндер көп себилет жана башка райондорго караганда дан эгиндерин кѳп ѳндүрүүгѳ мүмкүнчүлүгү бар. 2017-жылга район боюнча 50904 гектар себүү аянтынын, 30699 гектарына дан эгиндерин жана буурчак өсүмдүктөрүн, анын ичинен 14269 гектарына жаздык-күздүк буудай 4232 гектарына, 12114 гектарга арпа, 81 гектарга сулуу, 10 гектарына чанактуу өсүмдүктөрүн отургузуу милдети турат. Ошондой эле 4255 гектар аянтка картошка, 494 гектарга жашылча себүү пландалган. Мындан тышкары көп жылдык чөптүн аянты 15199 гектарды түзөт.

Түп-Кеген жолунун курулушу бүткѳрүлсѳ, коңшу мамлекеттерден туристтердин келүүсү кѳбѳйѳт. Ошону менен катар айыл чарба продукцияларын коңшу мамлекеттерге чыгарууга дыйкандарга чоң мүмкүнчүлүк түзүлѳт.

Он беш айыл таза суу менен камсыз болууда

Эл аралык маанидеги “Түп–Кеген” автожолунун курулушун улантууга 2017-жылга республикалык бюджеттен 27,5 млн сом каралды.

Инвестиция тартуу иштери боюнча айыл өкмөттөрү тарабынан ар кандай долбоорлорго иш-кагаздары даярдалып, конкурстарга катышуу камсыз болуп жатат. Бүгүнкү күндө район боюнча 8 айыл аймагында түзүлгөн «Айылдык суу пайдалануучулар бирикмесинин коому» 15 айылды таза суу менен камсыз кылууда. Таза суу менен ушул күндө 20 миң 704 адам колдонууда.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости