Экономиканы көтөрүү багытындагы аткарылган иштер:
Угут айыл аймагындагы Уч-Кара-Суу аймагындагы дамбанын курулушу 38 млн 876,0 сом;
Асафальт бетон заводунун курулушу 24 млн 501 миң сом;
Кадыралы айылында С. Атамбеков атындагы 225 орундук мектебинин курулушу 64 млн 823,944 миң сом;
Үгүт айыл аймагындагы Терек-Сай суусуна көпүрөнүн курулушу 34,0 млн сом;
Терек айылындагы 70 орундук Бала бакчанын курулушу 13 млн 900,0 миң сом;
Кош-Дөбө айылындагы ФАПтын курулушу 3 млн сом;
Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы 275 орундук мектебинин курулушу 72 млн 800 миң сом;
ПРООНдун программасы аркылуу Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Манка-Жар каналын оңдоо иштерине 1688,750 миң сом;
Райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты 16000 миң сомго капиталдык ремонт иштери бүткөрүлдү;
Жашыл-Талаа насостук станциясынын плотинасын подряддык жол менен курууга смета боюнча жалпы 24 млн сом керектеле турган болсо, республикалык бюджеттен 4179 миң сом бөлүнүп, райондук суу чарба башкармалыгы чарбалык жол менен бүткөрдү.
2016-жылы ачылган ишканалар:
-
- Кош-Дөбө айыл аймагында бал аарычылык чарбасын уюштуруу;
- Кара-Бүргөн айыл аймагында курут даярдоочу цех;
- Кара-Бүргөн айыл аймагында нан бышыруучу цех ачуу;
- Коңорчок айыл аймагында курут даярдоочу цех;
- Үгүт айыл аймагында пескоблок цехи;
- Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинде тамчылатып сугаруу жана Көк-Жар айыл аймагында күнөскана;
- Жаңы-Талап айыл аймагында тигүү цехи;
- Жаңы-Талап айылында кондитердик цех;
- Кара-Ой айылында Кондитердик цех уюштурулган.
2017-жылы пландалып, уюштурулуп жаткан кичи ишканалар:
Коңорчок айыл аймагында кондитердик кичи цех ачуу;
Коңорчок айыл аймагында кичи курут цех;
Коңорчок айыл аймагында тигүү цех;
Үгүт айыл аймагында Биогаз альтернативдик энергия булагы системасы;
Үгүт айыл аймагында күнөскана;
Үгүт айыл аймагында купка салуу;
Ак-Тал айыл аймагына ветеринардык комплекс куруу;
Баетов айылына балык чарбасын куруу.
Дыйкандар арпа, буудай көп жылдык чөп өстүрөт
Район боюнча жалпысы 15 миң 965 га айдоо аянт бар. Айдап-себилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү 4 миң 633 гектарды түзөт. Анын ичинен 1 миң 926 га буудай, 2 миң 32 га арпа, 2 жүз гектар сулуу, 3 жүз 50га картошка, 1 жүз 25га жашылча жана 10 миң 740 га көп жылдык чөп пландаштырылып аткарылды.