• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Акимдердин рейтинги. Нурлан Керимкулов, Кочкор районунун акими: Кочкор районунда пескоблок чыгарган ишканалар арбын

kochkor

👁 2,004

Кочкор районунун 69 миң жашоочусу бар. Райондун эли негизинен мал чарбачылыгы жана талаачылык менен эмгектенет.

Райондо «Адал-Азык» ишканасы тарабынан 40 млн. сомго түрк жабдуулары менен кичи эт комбинаты курулуп ишке берилди. Болжол менен суткасына 30 баш бодо мал соё алат. Мындан тышкары кыргыз-кытай “Кипарис” ЖЧК тарабынан бут кийим жасоочу ишканасы ачылуунун алдында турат. Натыйжада 100гө жакын адамга иш орундары түзүлөт. Инвестициянын көлөмү 1,5 млн АКШ долларын түзөт.

Жылдын башынан бери 74 млн. сом кызмат көрсөтүлүп, 108,5% аткарылды. Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 289 млн. сомго жетип, 104% аткарылды. 4359 тонна эт даярдалып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103 % аткарылды.

Кочкор районунун аймагында 15тен ашуун пескоблок, брусчатка чыгарган кичи цехтер иш алып барат жана 8 пластик терезе, каалга жасоочу цехтер бар. Ошондой эле Кочкор айылындагы Сасыкулов Искен деген ишкердин кирпич заводу суткасына 150 000 кирпич чыгарат. Көрүнүктүү ишканаларыбыздын катарына ишкер Төлөнов Болоттун сүттү кайра иштетүүчү цехин кошууга болот. Аталган цех учурда 3 айыл өкмөтүнүн өндүргөн сүтүн базар баасында сатып алуу менен чыгарган продукциясын Ысык-Көл облусуна жана Казакстан Республикасына сатыкка чыгарып, учурда дагы жаңы жабдууларды алуу астында турат.

Дыйкандардын 80% картошка өндүрөт

Нарын облусу боюнча дан эгиндеринин 45%, картошканын 80% Кочкор району өндүрөт.

Жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн райондун борборундагы көчөлөрдүн 3,0 чакырымы асфальтталат. Айылдар аралык жолдордон Кочкор-Коммунизм жолунун 10,5 чакырым, Чолпон-Молдо Кылыч айылдарынын ортосундагы жолдун 2 чакырым асфальтталып, райондун борбору менен алыс жайгашкан айылдардын каттоосу жакшырат.

Алдыда аткарыла турган пландар:

2017-жылы айыл-чарбасынын өнүгүү темпин 0,9 пайызга камсыз кылуу менен өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмүн 5 млрд 800 млн сомго, чекене соода кылуунун көлөмүн 2 млрд сомго, кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн 250 млн сомго жеткирип, негизги капиталга инвестиция тартуунун көлөмүн 300 млн сомдон ашыруунун үстүнөн иштейбиз.

Ирригациялык системаларды оңдоп, түзөө менен 8 насостук станциялардын натыйжалуу иштешин камсыздайбыз. Чолпон айылында токтоп турган скважиналарды ишке киргизүүнүн үстүнөн иш жүргүзүүнү колго алабыз.

Айыл-чарба өндүрүшүн кеңейтүү боюнча узак мөөнөттүү жеңилдетилген пайызы аз кредиттер менен камсыздоо үчүн райондо жаңы түзүлгөн кооперативдерге, асыл-тукум мал өстүрүүчү фермерлерге жана дыйкан чарбаларына 2017-жылга 100 млн сом бөлүп берүү маселеси каралат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости