Баткен районунда калктын саны жана жашоо шарты кандай?
Баткен районунун калкынын саны 2017-жылдын 1-январына карата 93085 түзөт. Баткен району республиканын борборунан алыс жайгашып, Өзбек жана Тажик Республикалары менен чектеш жайгашып, шарты оор аймактардын катарына кирет.
2017-жылдын башынан бери Баткен районунда кандай иштер аткарылды?
Республикалык бюджеттин эсебинен:
-
- Сай айылында жалпы сметалык баасы 52млн 260миң сомдук 225 орундуу мектептин курулушу;
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылына жалпы сметалык баасы 53 млн 342 миң сомду түзгөн 150 орундуу мектептин курулушу;
- Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылына жалпы сметалык баасы 56млн 405миң сомдук 225 орундуу мектептин курулушу;
- Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылындагы жалпы сметалык баасы 39 млн сомдук мектептин курулушу;
- Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы сметалык баасы 56млн сомдук 225 орундуу мектептин курулушу;
- Карабулак айыл өкмөтүнүн Карабулак айылындагы 375 орундуу сметалык баасы 76млн 94миң сомдук мектептин курулуш жүрүүдө.
Андан сырткары Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылындагы сметалык баасы 13,2 млн сомдук, Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент айылындагы сметалык баасы 6,4 млн сомдук таза суу менен камсыз кылуу долбоорлору ишке ашууда.
Экономиканы көтөрүү багытындагы жасалган иштердин баардыгын рейтинг менен көрсөтүп берсеңиздер?
Кандайдыр бир кичи ишканалар барбы? Болсо, эмне иштетип чыгарат?
Баткен районунун өнөр жайын негизинен көмүрдү кайра иштетүүчү ишканалар түзөт. Алар “Азамат кен”, “Эркин кен”, “Тилек шахтасы”, “Баткен мунай”, “Самаркандек көмүр” жоопкерчилиги чектелген коомдору. Алар тарабынан 2016-жылдын 1-июлуна карата 476,1тонна көмүр отун өндүрүлгөн болсо, 2017-жылдын 1-июлуна карата 1108тонна көмүр отун өндүрүлдү же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 631,1тоннага көп өндүрүлгөн. Андан сырткары пескоблок жана брусчатка чыгаруучу-13, пластикалык эшик терезелерди жасоочу – 4, кондитердик азык-түлүктөрдү даярдоочу – 6, мебелдерди жасоочу – 4, кийим кечелерди тигүүчү – 22 цехтер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
Алдыда кандай пландар аткарылат? Баткен районунун экономикасын көтөрүү багытында?
Ал эми ушул эле Дара айыл өкмөтүнүн Зардалек участкасындагы алюминий кенин иштетүү үчүн “Спарклер-Мерик-Мо” компаниясы лицензия алып, тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп, 2013-жылы лицензиялык аянтта жумушту баштаган. Бирок аталган компаниянын ичиндеги финансылык маселелерден улам 2014–2015-2016-жылдарда иш жүргүзүшкөн жок.
Белгилеп кетүүчү нерсе бүгүнкү күндө Баткен районунун аймагындагы көмүр кендерине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 12 жоопкерчилиги чектелген коомдор лицензия алып келишкен.
Эгерде бул жоопкерчилиги чектелген коомдор тарабынан чалгындоо иштери аягына чыгып, көмүр отунду казып алуу иштери башталса, логистикалык борборлор курулса райондун экономикасына чоң салым кошулат деп айта аламын.