• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Акимдердин рейтинги. Калысбек Жудеев, Жети-Өгүз районунун акими: Он эки айыл өкмөт дотациядан чыккан

img_1372

👁 953

“ЭКОНОМИКА” гезити Кыргызстандагы ар бир аймактын акимдеринин аткарган иштери тууралуу кенен жазып, коомчулукка жарыялайт. Мындан ары аталган гезит ар бир алты ай сайын мындай маалымдоону берип турат. Бул ирээт Ысык-Көл облусундагы райондордун жасап жаткан иштери жана алдыдагы пландары жазылды.

Жети-Өгүз районунда калктын жалпы саны 85 миң 840 адамды түзөт. Райондо жалпы 13 айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү бар. Райондогу элдин жашоо шарты жакшы. Алыскы Сырт өрөөнүндөгү Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнөн башкасы дотациядан чыккан.

2017-жылдын 3 айында айыл чарба продукциялары боюнча 2669 тонна эт, 12520 тонна сүт, 555 миң даана жумуртка өндүрүлүп, былтыркы жылдын 3 айына салыштырмалуу эттин өсүү темпи 100,2 пайызды, сүттүкү-101,0 пайызды, жумуртканыкы-101,0 пайызды түзүп, баардык түрлөрдөн өсүү камсыздалды.

Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 119 млн. 909,9 миң сомду түзүп, өсүү темпи 110,7 пайыз болду, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 млн. 608,9 сомго арбын, 74 млн. 796,0 миң сомго калкка акы төлөө кызматы көрсөтүлүп, өсүү темпи 103,3 пайызга барабар болду, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 млн. 417,9 миң сомго көп.

Райондо 2017-жылдын 3 айына өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 44 млн. 500,2 миң сомго барабар болду. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млн. 31,6 сомго арбын продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 112,7 пайызга көтөрүлдү. “Ак-Жалга” акционердик коому 2017-жылдын 3 айында 41 млн 154,1 сомго продукция өндүрүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 4 млн 837,9 сомго көп же өсүү темпи 113,3 пайызды түздү.

“Кумтөр” ЖАК тарабынан Жети-Өгүз районуна 100000 млн сом каражат бөлүнөт

Башка райондорго салыштырмалуу жер аянты жана калкынын саны көп. Ошондой эле 12 айыл өкмөтү дотациядан чыккан. Мындан тышкары “Кумтөр” ЖАК тарабынан Ысык-Көл облусуна бөлүнүүчү 1% акча каражатынан Жети-өгүз районуна 100000 млн сомдун тегерегинде акча каражат бөлүнөт.

Жумуш менен камсыздоо

Калктын жумуштуулугу. 2017-жылдын 1-апрелине карата жумуш издөө максатында райондук калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүндө каттоого турган жумушсуздардын саны 159 адамды түзүп, бул 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 12 адамга көп.

Акы төлөнүүчү коомдук иштерге 55 адам жиберилди, бул 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 18 адамга аз.

Үстүбүздөгү жылда эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча кайра окутууга адамдар жиберилген жок, себеби кесиптик окуу жайлар тендерден өз убагында өтпөй калган. 2017-жылдын 3 айдын ичинде Ысык-Көл облустук калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн алдында түзүлгөн “Эмгек” кредиттик агенствосу тарабынан 3 жумушсуз адамдарга 20,0 миң сом өлчөмүндө майда чакан насыя берилген. Жумушка орношкондор 132 адамды түздү, бул былтыркы жылга салыштырганда 8 адамга көп. Жумушка орношкондор айыл чарба, калкты тейлөө тармактарында эмгектенүүшүдө.

Жети-Өгүз районунун климаттык шартты мөмө-жемиш өстүрүүгө туура келет

Жети-өгүз районунун климаттык шарты мөмө-жемиш бактарын өстүрүүгө туура келгендиктен көбүнчө мөмө-жемиштери (абрикос, алма, алмурут) көп өндүрүлүп, тышкы рынокко Россия, Казыкстанга экспорттолот. Мындан тышкары статистикалык маалыматтарга ылайык, эт, сүт, жүн продукциялары Ысык-Көл облустунун башка райондоруна салыштырмалуу көбүрөөк өндүрүлөт.

Алдыда аткарыла турган пландар:

        • Райондун бор Жети-Өгүз айыл аймагындагы спорт комплексти ишке берүү;
        • бору болгон Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүнү борбордук Манас көчөсүн асфальтоо;
        • Пайдаланылбай бош калган жер аянтынын көлөмүн азайтуу (тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу);
        • Жеңиш айылындагы Б.Үкүев атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу, сырткы фасадын жасоо;
        • Барскоон айылындагы Таза суу долбоорун ишке ашыруу;
        • Барскоон айылындагы Таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ачуу;
        • Даркан айылына 100 орунду бала-бакчанын жаңы имараттын куруу;
        • Кызыл-Суу айылынын борбордук соода аянтындагы муниципалдык соода борборунун курулушун улантуу;
        • «Бал-Шире» муниципалдык ишканасынын базасына соода- логистикалык борбор куруу;
        • Оргочор айыл өкмөтүнө “Экопродукт-Азия” ОсОО демилгеси менен соода-логистикалык борборун түзүү пландары турат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости