Ысык-Көл районунда 2017-жылдын башынан бери 3 ишкана ачылып, 29 адам жумуш орундары менен камсыз болду. Тактап айтканда Өрүктү айылында жеӊил өнөр жай продукциясын өндүрүүчү тигүүчү цех ачылып, 21 жумуш орун түзүлдү. Чолпон-Ата шаарында пластик эшик-терезелерди жасоочу цех ачылып, 2 жумуш оруну, андан сырткары Чолпон-Ата шаарында нан, кондитер азыктарын чыгаруучу навайкана ачылып, 6 жумуш орун камсыздалды. Негизинен Ысык-Көл районунда пескоблок, брусчатка чыгаруучу, темир тор токуучу, тамак-аш, сүт продукцияларын кайра иштетүүчү чакан цехтер иш алып барат.
Калктын басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенет
Аталган ишканалардын чоӊураактары болуп Чолпон-Ата шаарында «Коопромсервис»- жашылча жемиштердин ширесин сыгуучу завод, Ананьево айылында «Яблочная компания»- жашылча-жемиштердин ширесин чыгаруучу ишкана, Бает айылында «Биор»- курулуш бетон аралаштырмаларын, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар саналат. Негизинен Ысык-Көл району курорттук район болгондуктан республикалык масштабдагы чоӊ өндүрүш ишканалары жок. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорундагыдай жер алдындагы ресурстар да жокко эсе. Райондун калкы көбүн эсе дыйканчылык, мал чарбасы менен алектенет. Ысык-Кѳл району боюнча 27 053 гектар айдоо жер бар. 2017-жылдын түшүмү үчүн 3153 га жер аянтына күздүк эгини себилген.
Ысык-Көл районунун негизги киреше бөлүгү туризм
Алдыдагы аткарылчу пландар:
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, жаӊы ишканаларды ачууга, туризм тармактарын өнүктүрүү, райондун кургакчыл аймактарында тамчылатып сугаруу системаларын киргизүү, дыйкан чарбасында сатыктык наркы жогору болгон өсүмдүктөрдү өстүрүү менен экономиканы көтөрүүгө багыт алууда.