• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Акимдердин рейтинги. Бектеналы Дүйшөбаев, Манас районунун акими: Тажрыйбалуу дыйкандар эки түшүм алганга жетишет

manas-ray-akim

👁 1,472

–Манас районунда калктын саны жана жашоо шарты кандай?

–Манас районунда калктын саны – 32 миң 743 киши.

–2017-жылдын башынан бери Манас районунда экономиканы көтөрүү багытында кандай иштер аткарылды?

–Дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында каналдарды оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, 100% аткарылган.

Талаа жумуштары өз убагында жасалды. Мындан тышкары ири мүйүздүү ургаачы малдар идентификацияланды.

Чоң-Капка айылына ФАП Араб өлкөсү аркылуу 1,3 млн сомго курулуп, ишке берилди. Ошондой эле Кеңеш айылында Үч-Коргон айыл өкмөтү аркылуу жемиштерди кургатуучу кичи цех ачылды. Мындан тышкары жеке ишкерлер тарабынан дүкөндөр жана калкка кызмат көрсөтүүчү кичи ишканалар ачылып, иштеп жатышат.

–Кандайдыр бир кичи ишканалар барбы? Болсо эмне иштетип чыгарышат?

- Покровка айыл аймагында ЖЧК “Гортис” – кирпич чыгаруучу завод;

- Үч-Коргон айыл аймагында кесек кум чыгаруучу завод (гравзавод);

Мындан тышкары пескоблок чыгаруучу, брусчатка чыгаруучу жана жыгач кесүүчү кичи цехтер (пилорамалар) бар.

–Талас облусундагы 4 район ичинен кандай өзгөчөлүккө ээ?

–Манас району климаты жактан башка райондорго салыштырмалуу жайы ысыгыраак келет, мөмө жемиштер бир жумага эрте бышат. Кээ бир тажрыйбалуу дыйкандарыбыз эки түшүм алганга жетишет.

–Манас районунун элинин социалдык абалы, жетишкендиктери менен кемчиликтери?

–Райондун социалдык абалы боюнча айтыла турган болсо, район боюнча 5 айыл өкмөтүнө караштуу 21 мектеп жана 1 лицей бар. Мектептен тышкары билим, тарбия берүүчү борбору жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби камтылган. Мектептерде окуучулардын билим, тарбия алуусуна толук шарттар түзүлгөн.

Райондун саламаттыгын сактоо боюнча 5 айыл өкмөтүндө 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана райондук оорукана бар. Ооруканаларда жарандарды кабыл алууда жана дарылоодо эч кандай көйгөйлөр жаралган эмес. Райондо жалпы түтүндүн саны 6332, калкынын саны 32743 болсо, анын ичинен 1553 үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурулуп, жакырчылык 24,5 түзөт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 556 болсо, ал үй-бүлөлөрдөн 1883 бала мамлекеттик жөлөк пул алышат.

Райондун элин жумуш менен камсыздоо боюнча 2017-жылдын 1-июлуна карата жалпы 503 адам жумушсуз болуп катталган. Анын ичинен учурда 126 адам жумуш менен камсыздалды.

- Айыл чарба тармагында көбүнчө эмне өстүрүшөт?

–Айыл чарба тармагында кылкандуу дан эгиндери, төө буурчак, көп жылдык чөптөрдү, болгар калемпирин, помидор, жер-жемиштерди көп өстүрүшөт.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости