• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Акимдердин рейтинги. Баратбек Сыдыкназаров, Кара-Буура районунун акими: Элдин жашоо шарты орто

kara-buura-akim

👁 1,484

Кара-Буура району Талас облусунун батыш жагында жайгашкан административдик маанидеги район. Райондун аймагы деңиз денгээлинен 1200–4500 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 2952 км2. Районго таандык 10 айылдык аймак уюштурулган. Райондун административдик борбору Кызыл-Адыр айылы. Жалпы район боюнча 23 айылда 66 миң 548 калк жайгашкан. Калктын негизги кирешелери болуп мал чарбачылыгы жана талаачылык эсептелинет. Калктын жашоо шарты боюнча 30,2 пайыз кедейчиликтин денгээлинде жашашат.

Өткөн жылга салыштырмалуу экономикалык өнүгүү бар

2017-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өткөн жылга салыштырмалуу бир топ жылыштар болду. Январь-март айларынын жыйынтыгы менен районубуздун айыл-чарба тармагында 545,2 млн сомдук продукция өндүрүлүп, салыштырмалуу баа менен алганда өсүү темпи өткөн жылга салыштырмалуу 101,1%.

Сүттү кайра иштетүүчү “Арашан” АКК ишканасы кургак сүт чыгаруучу жабдууларды орнотууда

Район боюнча 2017-жылдын январь-март айларында өнөр-жай продукциялары 11786,2 миң сомго өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси менен алганда өсүү темпи 84,4 пайызга аткарылды. Мунун негизги себеби былтыркы жылы сүттү кайра иштетүүчү “Арашан” АК финансылык оор абалга дуушар болуп, өзүнүн акцияларын Бишкек шаарындагы “Үмүт-К” компаниясына сатып жиберген. Аталган компания бүгүнкү күнгө 29,0 миллионго кайрадан ремонт иштерин жүргүзүп, 30,0 миллионго кургак сүт чыгаруучу жабдууларды алып келип орнотууда. Мындан тышкары райондун аймагында 2 чакан жана 1 ири сүттү кайра иштетүүчү завод, 1 биологиялык жер семиркичтерди өндүрүүчү жана 2 кирпич заводдору бар.

Башка райондоро салыштырмалуу эл жумуш менен камсыз болгон

Облустун аймагында райондордон айырмачылыгы районубузда өндүрүш ишканалары көп. Убактылуу жумуш орундарынын көптүгүнөн райондун социалдык инфраструктурасы жогору. Эл иш менен камсыз болгон.

Айыл чарба тармагынын 80 пайызы төө буурчак өндүрүшөт

Райондун экономикасын көтөрүү багытында алдыда бир топ алгылыктуу иштерди аткаруу пландалууда. Быйылкы жылга 8 пунктан турган 53 долбоор жылдын башында бекитилип, өз мөөнөттөрүндө аткарылууда . Алардын ичинен экономика тармагы боюнча 4 долбоор, өнөр жай тармагы боюнча 3 долбоор, инфраструктураны өнүктүрүү боюнча 5 долбоор, айыл чарба тармагы боюнча 10 долбоор, социалдык тармакты өнүктүрүү багытында 9 долбоор, туризм тармагы боюнча 2 долбоор, медицина тармагы боюнча 4 долбоор, спорт тармагы боюнча 2 долбоор, калкты социалдык жактан коргоо боюнча 2 долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле коомдук коопсуздукту алдын алуу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштер жасалып жатат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости