• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Акимдердин рейтинги. Адыл Сапаров, Жумгал районунун акими: Биздин район кен байлыкка бай 

zhumgal

👁 1,363

Жумгал районунда жашоочулардын 90% малчылык жана дыйканчылык менен алектенет. Статистикалык маалыматка ылайык, Жумгал районунун жалпы калкынын саны 47 миң 902 адамды түзөт, башкача айтканда 10 миң 390 түтүн жашайт. Жалпы калктын киреше булактарынын бири айыл чарба тармагы эсептелинет. Кыш мезгили суук, алты айга созулуп, жашоо шарты татаал келет.

Алты айда аткарылган иштер

Салык тармагы боюнча Жумгал районунун мамлекеттик бюджети 2017-жылдын 1-кварталына кирешелердин планы 70 млн 579 миң сом болсо, 52 млн 603 миң 700 сом нак түшүп, жалпы 74,5% аткарылган. Мунун ичинен республикалык бюджет план 63 млн 201 миң сом берилген, аткарылганы 41 млн 411 миң сом же 68,6% аткарылган. Жергиликтүү бюджеттен такталган планы 10 млн 828 миң сом болсо аткарылганы 11 млн 192 миң 700 сомду түзүп, аткаруу 103,4% болду, 364 миң сомго ашык түшкөн. Социалдык фонд боюнча: 2017-жылдын 1-кварталына камсыздандыруу төлөмдөрүнүн планы 22 млн 200 миң сом болсо, аткарылышы 27 млн 776 миң сом болуп 125,1% түзгөн же 5 млн 576 миң 600 сомго көп аткарылган. Өткөн жылдын ушул кварталына салыштырмалуу план 2 млн 500 миң сомго көбөйдү.

2017-жылдын биринчи кварталына карата инвестиция тартуу боюнча 10 долбоор ишке ашырылып, жалпысынан 17 939 846 сомду түздү. Алар райондогу ветеринарларга оргтехника (смартфон, ноутбук, компьютер, мотоцикл) айыл өкмөттөрүнө АРИС тарабынан атайын техникалар (погрузчик, эксковатор) ж.б. Дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен социалдык имараттарды куруу жана оңдоп, түздөө боюнча 6 долбоор каржыланып, жалпы 17 664,2 миң сомду түздү. Ал эми райондун аймагындагы көмүр казуучу ишканалар тарабынан 1-кварталына 104 621,3 миң сом же 101718,3 миң тонна көмүр казылып алынды.

“Эмель” ишканасы ден-соолукка пайдалуу суусундук чыгарат

Көк-Ой айыл аймагындагы “Эмель” ишканасы иш жүргүзүп келет. Аталган ишкана минералдык, дарылык касиети бар, ден-соолукка пайдалуу суусундук чыгарат. Андан тышкары Көк-Ой айылында 2015-жылдан бери “Жумгал суу” минералдык газдалган суу жана алма ширесин чыгаруучу ишкана иштеп жатат. Район аймагында 10дон ашык балык чарбасы иштеп, Форель, Сига, Пелет балыктары өндүрүлүп, райондун тургундарына сатылууда. Мындан тышкары бетон курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана, темир ширетүүчү жана устаканалар ачылып, жаңы жумушчу орундар түзүлдү.

Жумгал району кен байлыкка бай

Жумгал району кен байлыкка бай. Облустун башка райондоруна караганда өнөр жай продукциясын көп өндүргөн район болуп саналат. Жумгал районунда 13 көмүр ишканасы көмүр казуу иштерин жүргүзүп келет. Алар Демилге-ЛТД, Кара-Кече , Шарбон, Жумгал Суу Курулуш, Бузурманкул-Т, АГК Тоо Инвест, Пандж Шер, Ак Жол Көмүр, Ю энд Ме Ко, Нарын Көмүр, Нарк Тоо, Центр Азия Уголь, Берекет Кен. Негизинен өндүрүлгөн өнөр жай продукциянын 95,8% көмүр өндүргөн ишканаларга таандык. Андан тышкары Жала-Абад-Балыкчы түндүк-түштүк альтернативдик жолу Жумгал району аркылуу өтүү пландалып, азыркы учурда жол курулуп жатат. 

Ири ишканалар өкмөттүн колдоосуна муктаж

Жумгал аймагында өнөр жай продукцияларын чыгарууда жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө райондук масштабтагы ири ишканалар жок болгондуктан бул боюнча өкмөттүн колдоосуна муктаж. 

Айыл-чарба тармагындагы план 100% аткарылды

Район боюнча жалпы дан өсүмдүгү 4 миң 215 гектарга, анын ичинен буудай 2 миң 826га, арпа 1 миң 326га, жүгөрү 36 га, таруу 22 гектарга айдалып, план болжол менен 100% аткарылган. Мындан сырткары 541 га картошка, 168 га жашылча себилип, бул өсүмдүктөр боюнча бекитилген божомол план 100% аткарылды. Тоют өсүмдүктөрү 2016-жылга салыштырмалуу 703 гектарга көбөйдү.

Жумгал районунун алдыда аткары турган иш планы:

2017-жылы жергиликтүү киреше бөлүгүн жогорулатуу боюнча иш алып баруу, киреше бөлүгүн 50 425 сомго жеткирүү пландалууда. Өнөр жай продукциянын өндүрүү же физикалык индекстин көлөмү 2016-жылдын жыйынтыгы менен 675 миң сомду түзгөндүктөн, 2017-жылдын жыйынтыгы менен 700 000 сомго көбөйтүү. Райондун аймагында кошумча жумушчу орундарды түзүү максатында 10дон кем эмес чакан ишканаларды ачуу боюнча аракеттерди көрүү. Жумгал районунда дем берүүчү гранттын эсебинен Баш-Кууганды айылындагы аксакалдар үйүн оңдоого 3344,6 миң сом, Чоң-Дөбө айылындагы “Азамат алтын балалык” бала бакчасын жасоого 1773,4 миң сом, Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн кеңсесин оңдоп, түздөөгө 3674,1 миң сом, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн кеңсесин оңдоого 2864,0 миң сом, Арал айылындагы Б.Кожоналиева атындагы орто мектебинин оңдоп, түздөөгө 3128,9 миң сом, Куйручук айыл өкмөтүнүн имаратына 2879,2 миң сомго долбоор жазылып, жалпы 17 664,2 миң сомду түзүп, азыркы учурда аталган обьектилерге тендер жарыяланып, 2017-жылдын аягына чейин жогорудагы белгиленген куруу жана оңдоп, түздөө иштерин сапаттуу бүтүрүү пландалууда.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости