• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Статком: Сегиз айдын жыйынтыгында ИДП 6% өстү

64

👁 995

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети ушул жылдын сегиз айынын жыйынтыгын чыгарды. Комитеттин маалыматына ылайык, бул жылы өлкөдө экспорттун көлөмү 324,7 миллион долларды түзсө, импорттун көлөмү 977 миллион доллар түзгөн.

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулованын билдирүүсүндө ушул жылдын январ-августунда, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 282 миллиард сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 6 пайызга жогорулаган.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 253 миллиард сомго жакынды түзүп, 3,6 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январ-августунда 144 миллиард сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн, резиналык жана пластмассалык жасалгаларды, тазаланган мунайзат продуктуларын жана кийим өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалган.

Алып карай турган болсок, өндүрүш тармагы ички дүң продукциянын 26 пайызын түзгөн. Айыл-чарбасы 12% жана курулуш тармагы 7% көрсөтүүдө.

Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү дагы 14,4 пайызга жогорулады. Тактап айтканда, экспорт 32,7 пайызын түзсө, импорт 9 ‚8 пайызды гана көрсөтүүдө. Бул тууралуу статистика комитетинин тышкы соода–сатык бөлүмүнүн башкы адиси Гүлайым Шайахметова тааныштырып өттү.

“Евразиялык экономикалык биримдиктин айланасында бизде жакшы тенденцияларды көрүүгө болот. Соода жүгүртүү 14,4%, экспорт 32,7%, импорт 9,8% өстү. Уюмга кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандыкы өтө эле жогорку көрсөткүч”.

Биримдик ичиндеги беш мамлекеттин арасында Кыргызстандын көрсөткүчү жогору саналса, кайсы товарларды алып сатуу жүрүп жатат?

Бул боюнча Шайахметова төмөнкүлөрдү кошумчалады.

“Бизден эң көп сыртка чыгып жаткан товарларга сүт азыктары, айнек, кургатылган жемиштер, кийим-кече жана техникалык айрым тетиктер бар”.

Уюмга мүчө мамлекеттер менен соода өстү делгени менен өлкөдөн чыккан эмес, дагы деле кирген товар басымдуулук кылып жатат. Мунун негизги себебин экономисттер Кыргызстанда өндүрүштүн жоктугу менен байланыштырат. Экспортту көтөрүү үчүн өндүрүшкө көңүл буруу керектигин айтышып, ошол эле учурда экологияга зыян алып келбегендей болууга тийиш дешет. Ошондуктан сапаттуусуна кароо зарыл. Эгерде өнүм сапаттуу болсо, өлкө дагы өнүгөт. Андыктан өлкөгө кирип жаткан чийки заттын баасын түшүрүү керек болот. Ошонда ЕАЭБ мамлекеттери менен атаандаша алат.

Буга чейин экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экспортун өстүрүү жаатында жаңы мамлекеттик программа түзүлүп жатканын айткан. Ошондой эле өкмөт жергиликтүү ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу пикирин айтканы да бар. Бирок азырынча бул убадалар иш жүзүнө өтө элек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости