• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Сталбек АКМАТОВ, КРнын зергерлер жана ишкерлер бирлигинин төрагасы: “Кыргыз зергерлеринин экономикага тийгизе турган пайдасы көп”.

66

👁 2,451

Кыргыз зергерлеринин ишине өкмөт жакшы көңүл буруп, керектүү шарттарын түзүп берсе, келечеги кең, экономикабызга чоң киреше алып келүүчү тармак. 

Ушул тармактын көйгөйлөрү тууралуу КРнын Зергер союзунун төрагасы Сталбек АКМАТОВ атайын “Экономика” үчүн маек берип, ой бөлүштү.

- Учурда өлкөбүздөгү зергерчиликтин орду жана абалы кандай болууда?
— Кыргыз зергер ишканасы учурдагы кризистик абалга байланыштуу башка жаңы жолдорду тандоого туура келип жатат. Мурда улуттук колоритте жасасак, азыр европанын башка моделдеринде жасоого мажбур болуп жатабыз. Азыр жаңы моделдерди ойлоп табуунун аракетиндебиз. Анан башка өлкөлөргө чыгып, рыноктордон өзгөчө жол тапсак дейбиз. Жалпы зергерчилик боюнча карай турган болсок күз айларында Армениянын Ереван шаарында болдук. Кыргыз зергерчилигин даңазалап, көргөзмөгө катышып келдик. Ошондой эле ал жерде дүйнөлүк форум конференция болду. Зергерчилик кандай өнүгүп жатканы тууралуу маселе козголду. Армения, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Белорусия элчилиги катышты.

Зергерлер союзун түздүк. Жакында беш өлкөнүн ичинен тандап өз лидерибизди шайлайбыз. Ар бир өлкөнүн зергерлер ассоциациялары биригип бир ассоциация болот. Акыркы эки жылдын ичинде эле дээрлик 60–70%га артка кетиппиз. Бир гана көмүскөдө иш жүргүзгөндөрдүн иши жүрүп жатат.

44

–Кыргыз зергерлеринин экономикага тийгизген таасири тууралуу ой бөлүшсөңүз ?

- Кыргыз зергерлеринин экономикага тийгизе турган таасири көп эле. 2012-жылдан 2014-жылга чейин алардын пайдасы жакшы болгон. Кийинки жылдары өтө төмөндөп кетти. Чындыгында азыр дүйнөдө ар кандай кризистин таасири Кыргызстанга да тийип жатат. Бүгүнкү күндө “импорт” көп болуп, жергиликтүү зергелердин иштери солгундап калды. Ачыгын айтканда ак ниеттүү жана ак ниет эмес ишкерлер да бар. Аны менен катар ачык жана көмүскө экономика да иш жүргүзүп жатат. Өкмөткө салыкты өтө аз төлөгөндөрдүн иштери кандайдыр бир деңгээлде жакшы болууда. Зергерчиликте иштеп кете алчу 6–7 миңдей киши бар.

Эгерде зергерчиликти туура жолго коюп алсак экономикабызга таасирин тийгизе турган эң чоң киреше булактарынын бири болмок.

–Бизде брилянт, алтын, күмүштөрдү алып сатуу жолдору кандай?

- Алып сатуу жакшы эле жүрөт. Бирок Кыргызстанда рынок кичинекей эле. Көмүскө сыяктуу. Мисалы, бүткүл дүйнө жүзү боюнча Түркия мамлекетине келишип, зер буюмдарын сатышат же сатып алышат. Ал жакта кенен соода жүрүп турат. Бирок биздин өлкөдө мындай ачык-айкын соода жүргүзүү жокко эсе. Сатып алып жатышса да көмүскө сыяктуу, алар эч качан ачык болбойт.

Соода ачык айкын жүргүзүлсө кардарлардын коопсуздугу үчүн, ишеними үчүн жакшы болмок.

33

Азыр мындай ачык соода жүргүзүүнүн убактысы келди. Кыргызстанда зергерчилик бышып жетилди. Мындан он, жыйырма жыл мурун зергерчилик өтө эле аз болгон. Ал эми азыркы күндө зергерлер көбөйдү. Зер буюмдардын саны да аябай көп болуп калды. Ушунун баарын жогорку деңгээлге көтөрүп алсак мамлекетибизге да, ишкерлерибизге да жакшы болот. Дагы бир жолу Түркия мамлекетин мисал келтирип кетейин. Бүткүл дүйнө жүзүнөн сатып алуу, сатуу иштерин ар дайым жүргүзөт. Бизде да ошондой болсо абдан жакшы болмок. Мындай деңгээлге азыркы учурда Армения, Орусия мамлекеттери да жетип калды.

–Биздин дүкөндөрдөгү алтын күмүштөр кайдан келет жана алардын сапатына токтолсоңуз ?

- Көбүнчө Түркия мамлекетинен келет. Эгерде сатуучулар уруксат кагаздары менен иштеп жатса алардын буюмдары жакшы эле. Анткени азыркы учурда элдин баары сапаттуу буюм сатууга аракет кылып калышкан.

Алармандын укугу корголуш керек.

Сатып алуучулар сөзсүз өкмөт берген уруксат кагазын талап кылуу керек. Кандайдыр бир ассоциацияларга мүчө экендигин тастыктаган күбөлүктөрү болсо ал дүкөн эч жакка көчүп кетпейт. Колдон сатып алуу бир аз кооптуураак. Кайсы компанияныкы, кайсы ишкердики, пробасы кандай көңүл буруп, эң негизи майда бутиктерге эмес расмий ачылган чоң дүкөндөргө кайрылуу керек.

–Зер буюмдардын эң кымбаты, эң арзаны канча турат?

- Биз көбүнчө күмүштөн зер буюмдарды жасайбыз. Күмүштөн жасалган таажылардын эң кымбаты 25 миң сомго чейин бааланды. Эң арзаны бир комплект сөйкө-шакек 1000 сомдун тегерегинде болот. 1000 сомдон 25миңге чейинки буюмдарды жасап сатабыз. Чындыгында учурдагы кризиске байланыштуу элдин чөнтөгү жука болуп, арзан сатууга мажбур болуп жатабыз.

- Ишкерлике кызыккан бирок жол табалбай жүргөн замандаштарыңызга кандай кеңештериниз бар?

–Зергерчилик менен алектенип, жакшы каражат таап, жакшы оокат кылып кеткендер бар. Ошону менен бирге зергерлердин өздөрүнүн да кулк мүнөздөрү болот. Мисалы, чыгармачыл чөйрөдө искусство адамдарынын башка, журналисттердин башка кулк мүнөздөрү бар эмеспи. Зергерчиликке акча үчүн гана келген адам акча таба албайт. Ишин дагы өнүктүрө албайт.

Зергерлер биринчи иш үчүн келиш керек.

77

5000–6000 сом алса да чыдап, эки жылдай иштеп койсо кесипти үйрөнгөндөн кийин акча өзү эле келе берет. Бирөөнүн сөйкөсүн, бирөөнүн шакегин жасап берет. Кардарлар өздөрү эле издеп келе башташат. Ошентип үй-бүлөсүн кенен бакканга жол ачылат. Устачылык, зергерчилик кылымдан-кылымга калган өлбөс кесип.

Зергерчилик өнөрү бар адам кайсы чет өлкөгө барбасын тил билбесе да өлбөс өнөрү менен иштеп кете алат. Көбүнчө зергерчиликти үйрөнөм деп жаш балдар келишет да бир айдын ичинде жакшы акча таппайт турбайбы деп басып кетишет. Бир ишти үйрөнүш үчүн убакыт керек. Мен кыргызмын, кыргыз тилинен мугалим болом деп окуса беш жыл талап кылынат. Зергерчиликти үйрөнүүгө эки жыл чыдап койсо эле өздөштүрүп, үйрөнүп алып эч качан ачка калбайт. Оокатын тың жасап кетет.

-Сиздин шакирттериңиз же бүгүнкү жаш зергерлер тууралуу кеп козгосок?

- Менин шакирттерим бар. Азыр биздин «Кыргыз зергер» компаниясында отуздай адам эмгектенип жатат. Айрымдары биздин ишти жакшы өздөштүргөндөн кийин өз алдынча компания ачып кетишет. №92 кесипчилик лицей бар. Ошол жерден жылына 30–35тей зергерлер дайындалат. Ал жердин студенттери бизден практикадан өтүп калышат. Зергерчилике кызыккан жаштар үчүн ар убак кеңештерибизди аябайбыз жана колдоо көрсөтөбүз.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости