Биздин заманда жаштар гаджеттерге жакын болуп жатканда военно-антоновкалыктар сергек жашоого, дене-тарбияга, спортко ыктап турушат. АРИС долбоордун алкагында каражат тартылганын уккан Военно-Антоновканын тургундары спорт зал курууну колдошкон! Ошентип жакында эле айылдын борборунда жаңы спорт залдын ачылыш аземи болду. Спорт залдын курулушуна 13,5 млн сом кетсе анын жарымынан көбүн – 7,5 млн сомду военно-антоновкалыктар чыгарышкан.
“Учурда өз алдынча башкаруу органдары бала бакча, мектеп, клуб, ФАП курдурушат, ал эми биз болсо спорт залды тандап алдык”,-деди Военно-Антоновка аксакалдар сотунун төрагасы Шыведин Шайшеналиев. Айтымында, бул айылдын тургундары башынан эле спортко жакын болушкан.
Айыл тургуну Нарынбек Султанкуловдун кубанычы койнуна батпай турган чагы. “Биздин айылда балдар үйү бар, ал жакта 120 бала иштейт. Эми алар дагы спортзалга келишсе болот. Ал эми айылыбыз спорт менен атактуу боло бермекчи”,-деди ал.
Баары башынан деген жакшы сөз бар, анын сыңарындай айылдагы башкаруучу кызматтардын көбүн спортчулар ээлеп келишкен. Учурдагы Айыл өкмөт башчысы Нурсуланбек Бокомбаев дагы спорт сүйүүчүлөрдүн катарында.
Жыл сайын Сокулук районунда 20 команданын ичинде футбол боюнча оюндар болот. Бул командалардын 19у айылдардан келишсе, 1 команда Шопоков шаарынан. Көптөгөн жылдар бою биринчиликти бербей келет. Команданын курамында айыл өкмөт кызматкерлери бар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары. Спорт чеберинин талапкери, жергиликтүү кеңештин депутаты Алманбет Зайнидинов команданын машыктыруучусу.
Военно-антоновкалыктар көк бөрү боюнча бир нече жолу Республиканын Чемпиону болушкан. Айылдын 8 тургуну, анын ичинен айыл өкмөт башчысы өзү дагы көк бөрү боюнча командага киришкен. Нурбек Найзабеков бул спорт түрү боюнча КРнын 10 жолку чемпиону. Он эки кишиден турган жергиликтүү жаштардын командасы дагы улуттук оюндарга дайыма катышып келишет. Жакында эле Военно-Антоновка командасынан 4 адам Астанага барып, республикалык команданын курамына кирип, оюн көрсөтүп келишти.
Военно-Антоновканын кары жашоочулары азыркы спорттогу жетишкендиктер жергиликтүү экономиканын дүркүрөп өсүүсүнө байланыштуу болгонун айтып келишет. Бул жерде 1960-жылы 2 ири колхоз иштеп турган: «Красный пахарь» жана «Восток». Кийин аларды бириктирип Ленин атындагы колхоз түзүлгөн, бирок коңшу болуп дагы бир колхоз жайгашкандыктан аны да кошуп «Рассвет» деп аташкан. Ошентип ал КР эгемендүүлүк алгыча бар болгон.
“Бул колхоз миллионер болу. Учурда машина трактордук станция, тегирмен, контор, кампалар, нан бышыруучу жай, оорукана, клубу баары СССР маалында курулган. «Рассвет» колхозунда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Денисович Соболев төрагалык кылчу жана жергиликтүү калк аны абдан сыйлачу”,-деди милициянын отставкадагы полковниги Бошкой Молдокулов.
Николай Денисович кыргыз тилин мыкты билген. Ал каза болгондон кийин «Рассвет» колхозунун төрагасы болуп Николай Леонтьевич Литвинов дайындалган. Учурда бул белгилүү адамдардын ысымы айылдагы көчөлөргө берилген.
«Рассвет» колхозунда кайра курулуунун алдында 40 миң кой бар болчу. Аны жайкысын Суусамырга айдап барып багышчу. Колхоздун 500 сүт берүүчү уйу жана 200 породалуу жылкылары бар эле. Азыр Военно-Антоновкада кой жокко эсе, ал эми ири мүйүздүү малды сарайларда багышат, себеби жайыт жокко эсе. Жергиликтүү калк жер иштетип жан багышат. Жашылча-жемиштерин Сокулуктагы жана Ново-Павловкадагы базарларда сатышат. Акыркы кезде кант кызылчасын өстүрүү ишин кайра жандантышты. Дыйкандар кооператив түзүү тууралуу дагы сүйлөшүп жатышкан чагы.
Жергиликтүү калк чакан көлдөн балык кармоону дагы адатка айлантып алышкан. Баса дал ушул жерге мурунку аскердик топограф Антон балык кармаганы келчү экен. Ал бул жерге жыгачтан чакан үй куруп алган экен. Анын атынан бул айыл Военно-Антоновка аталып калыптыр.
«Литературный Кыргызстан» журналында Гелунова айылдын эмнеге мындай аталып калганы тууралуу төмөнкүдөй айтып берген: 1905-жылы Япония менен согушкандардын үй бүлөлөрү 1911-жылы Пишпектен алыс эмес жерден жана үлүш жер алышат. Айылды көчөлөргө бөлгөн топограф В.В. Антонов болгон экен. Иштер бүткөн соң майрам уюштурулган. Айылды кантип атоо керектиги тууралуу бир катар сунуштар болгон. Верейко деген аксакал туруп аскерлердин жана Антондун урматына айылды Военно-Антоновка деп атайлы деген сунушун киргизген. Ошентип бул аталыш калып калыптыр.
Азыр бул топограф Антон болгонбу же Антонов болгонбу тактоо кыйын болду. Эң негизгиси жашоочулар айылын сүйөт жана сыймыктанышат.
Военно-Антоновкага башка аймактардан келишип, жер үлүшүнө ээ болбогондор Бишкекке иштегени барышат. Бишкек-Военно-Антоновка маршруткалары маал-чаалы менен жүрүп турат. Кайрадан ачылган кыргыз-кытай кафель цехинде 300 жумушчу орун түзүлгөн. Алар Орусия, Казакстан жана Өзбекстан менен кафел сатуу боюнча келишим түзүшкөн. Ишкана 3 смен менен иштейт дагы иш токтобойт.
Военно-Антоновкалыктардын бирден бир кыялы – алардын айылын Бишкекке кошуу. 1980-жылдары эле Ново-Павловка жана Военно-Антоновкаайылдарын борборго кошуу тууралуу токтом чыккан. Ошол маалда телефон, газ апкелишип, троллейбус жүргүзмөкчү болушкан. Бирок кайра куруу мезгилинде бул нерсе ишке ашпай калган. Кийин Аскар Акаев бул маселени көтөрүп чыккан. Кийин кайрадан Орок, Жал, Манас, Фрунзе жана Военно-Антоновка айылдарын Бишкекке кошуу маселеси көтөрүлгөн. Бирок бул азырынча сөз бойдон турган кези. Жергиликтүү тургун Бошкой Молдокулов 2025-жылы айыл борборго кошулат деген үмүтүн жашырган жок.
Ирина Байрамукова