Учурда жаш кыргызстандыктар бир катар кыйынчылыктарга туш болушууда. Билимдин жетишсиздиги, жумушчу орундардын аздыгы аларды өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур кылууда.
Көпчүлүк чет жакка иштеп кетип жатат. Билим албаган жаштардын террористтик уюмдардын капканына да түшүп калуу коркунучу жогору.
Бирок жаштардын арасында өз жашоосун туулган жерине арнагандар да жок эмес. Мисалы Караколдогу жаш үй-бүлө Чыңгыз жана Айжамал Мааткеримовдор.
Бул үй-бүлө бала бакчанын жетишсиз болуп жатканын жон терилери менен сезген. Бул көпчүлүк аймактын чечилгис көйгөйү. Мисалы, шаардык статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 70 миңге чукул киши жашайт, алардын 8 миңден ашууну мектеп жашына чейинки балдар. Ал эми бала бакчага 3900га жакын бала барат. Шаардагы 14 бала бакчада жалпы 64 топ бар, демек ар бир тарбиячыга 61 баладан туура келет. Аны менен катар эле 4 жеке бала бакча бар, бирок баасы жогору болгондуктан караколдуктардын баары эле баласын ал бакчага бере алышпайт.
Айжамал Мааткеримова бала бакчага наристесин киргизүү үчүн жылдап кезекке турбоону чечкен. Себеби жолдошу иштеп үй-бүлөнү бакча, өзү аспирантурасын бүтүшү керек эле.
“Бала бакча ачууга менин гана көйгөйүм эмес, курбуларымдын дагы көйгөйү түрткү берди. Алар төрөгөндөн кийин баласын карап жылдап үйдө отурууга мажбур болушчу. Курбу кыздарымдын, коңшуларымдын балдары үчүн бала бакча ачууну чечтим. 40 чарчы метр болгон үйүбүздүн жанындагы кичине үйдү балдарды окутуучу, эс алуучу жай кылдык. Буга чейин ал жер ашкана болчу. Ошондой эле балдар ойноочу аянтты «Соса-Соlа» компаниясынын атынан социалдык ишкерлер үчүн уюштурулган сынактан жеңип алган 3,4 миң доллар грантка жасап чыктык”,-деди ал.
Чыңгыз менен Айжамал иштин көбүн өз күчтөрү менен жасоого аракет кылышкан. Алар жыл сайын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп жатышып, 2,5 жыл ичинде 2 кабаттуу бала бакчалуу болушкан. Алар аны “Наристе” деп аташып, учурда 20 баланы тарбиялап келет.
“Биздин гана облуста эле эмес, өлкө боюнча гендерди теңсиздик деген чоң көйгөй бар экенине күбө болдук. Баланы тарбиялоодо ата-эне бирдей салым кошушу керек болсо, бизде аял гана көп аракет кылат экен. Эң башкысы коомчулук муну кадимки көрүнүштөй кабыл алганы болду! Ошентип кыргыз айымдары күйөөсүнөн жана туугандарынан көз каранды болуп калат экен. ”,-деди Чынгыз Мааткеримов.
Социалдык ишкер Айжамал Мааткеримова тилекке каршы бала бакчалар балдарды тарбиялоо эмес, “убактылуу сактоочу” жай болуп калганын билдирди. “Тарбиячыларга түшкөн оор жүк, балдардын көптүгү, бөлмөлөрдүн желдетүү системасынын начарлыгы, тазалык, физикалык жана психологиялык өнүгүүсү мунун баары өлкөнүн келечеги эмеспи”,-деди ал.
Айжамалдын жана анын курбуларынын айтымында, жакшы уюмдардын бири дагы жаш баласы бар апаларды билими жогору болгон учурда дагы жумушка алууга макул болгон эмес.
Айгерим төрөгөнгө чейин банктардын биринде иштечү, дектретке чыккандан кийин ал ишсиз калган. “Бала багуучу жалдасам болмок, бирок ал баламды жакшы карайт деген кепилдик жок эле. Балдарыбызды карыган ата-энелерибизге же туугандарыбызга бактыруу менен кары адамдар болушунча иштегенин азыр алар эс алуучу маал экенин унутуп коебуз. Эмнеге жаштар карылардан алар неберсин багууга макулбу деп сурап, балким алар эс алгылары келип жатканын эске алышпайт?”,-деди Айгерим.
Айжамал Мааткеримованын социалдык долбоорун Каракол шаарынын мэриясы үлгү катары көрсөтүп, ар бир жаран маселелерди чечүүдө өз салымын кошсо деген пикирин билдирди. Азыр “Наристеде” ашпозчуга, 2 тарбиячыга жана 2 жардамчыга жумуш орундары түзүлгөн.
“Биздин өлкө үчүн социалдык ишкерлик өнүгө элек. Биз кайрымдуулук иштерин экономиканын өнүгүүсүнө салым кошуу катары караганга көнгөн эмеспиз. Көпчүлүк учурда кээ бирлер социалдык ишкерлерге эмне бул дагы бизнеспи деп суроо беришип, таң калышат. Социалдык маселелерди бизнес-ыкмалары менен чечсе болот. Социалдык ишкерлик калктын айрым бөлүгү үчүн өтө маанилүү”,-деди Чынгыз Мааткеримов.
Социалдык ишкерликте эң негизгиси социалдык маселелерди чечүү дешкени менен ал үчүн тиешелүү шарт түзүлүп берилген эмес, башкача айтканда айрым социалдык институттар ишин так аткарбай келишет. Мамлекет айрым маселелерин чече албай калган кезде жардамга бизнес келет. Социалдык ишкер – бул бизнесмендин жаңы түрү. Ал үчүн киреше табуу маанилүү эмес, ал адам үчүн социалдык маселени чечүү маанилүү.
Биздин өлкөнүн бизнесмендери аймактардагы жаштар менен көптөгөн жолугушууларды өткөрүшүүдө. Алар жаштарга дем берип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп келишет. Алардын ичинен — АзисАбакиров, ЭрмекНиязов, АзаматОттокуров, Алтынай Рыскулова сыяктуу бизнесмендерди атап кетсек болот.
“Кайдыгер эмес жаш лидерлер келечекте Кыргызстандагы социалдык ишкерликте маанилүү роль ойнойт деп ишенем”,-деди Айжамал Мааткеримова.
Ирина Байрамукова