Бөлүнгөн акча каражаттарынын ичинен:
- социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 24,3 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 740,6 млн сомго көбөйүү менен 7 млрд 247,5 млн сомду) түздү;
- билим берүүгө сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 15,8 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 138,7 млн сомго азаюу менен 4 млрд 694,5 млн сомду) түздү;
- саламаттык сактоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 10 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 658,4 млн сомго көбөйүү менен 2 млрд 980,8 млн сомду) түздү;
- эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 1,7 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 64,3 млн сомго көбөйүү менен 509,3 млн сомду) түздү;
- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын негизги суммаларын кошкондо) 25,9 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 523,6 млн сомго азаюу менен 7 млрд 728 млн сомду) түздү;
- турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 2,5 %ды (өткөн жылдагыга салыштырмалуу 30,4 млн сомго азаюу менен 750,9 млн сомду) түздү.