Буга чейин ыктыярдуу патентти 1 күнгө же 5 күнгө алсаң дагы Социалдык фонддон камсыздандыруу полисин 1 айга алуу керек болчу. Башка варианттар жок эле. Эми ишкерлер ыктыярдуу патентти канча күнгө алса камсыздандыруу полисин дагы ошондой мөөнөткө ала алышат. Бул тууралуу BizExpert КРнын Социалдык фондуна шилтеме берүү менен билдирди.
Эксперттер кепилдик полисти эсептөө үчүн кепилдик полисинин суммасын 30 күнгө бөлүп, патентти канча күнгө алса ошончо күнгө көбөйтүү керек.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы №527 токтому менен “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча кепилдик төлөмдөрдү төлөө” тууралуу токтомдун 41–1 бөлүгүнө өзгөртүү киргизилген.