Бул система мурункудан видеокөзөмөлдүн бар болгондугу менен айырмаланат. Ал жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик номерлерин жана белгилерин тартып калууга жөндөмдүү.
Бул ситема оор жүк ташыган унаалардын жүк салмагын ченөөчү пункттардын бирдиктүү системге кирүүсүнө катар киргизилди. Ал борбордук серверге туташтырылган. 2017-жылдын акырына чейин бардык пункттарда ушундай система иштеши керек, ал оор жүк ташуучу унаалардын каттамын толугу менен көзөмөлгө алат.
Траснпорт министрлиги жана мамлекеттик органдар каалаган убагында оор жүк ташыган унаалардын жүк салмагын ченөөчүпункттарда текшерүү жүргүзө алат.
Жаңы системаны ишке киргизүү долбоору ЕАЭБдин алкагында ишке ашырылып, Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.
Кыргызстан ЕАЭБге кошулду, бирок толук кандуу мүчө болуу үчүн өлкө талаптагыдай болуусу керек. “Жол картасы” долбоору жүк алып өтүүчү бардык пункттарды техникалык жактан юадымакчы, мындан сырткары ЕАЭБ фитосанитардык жана ветеринардык пункттарды керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу талабын койгон.