Салык кызматынын кызматкерлери “Сосновка” көзөмөл өткөрүү пунктунан тийиштүү документтери жок жана күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияларды ташып келе жаткан автоунааны кармашты.
Унаа салык мыйзамындагы талаптарынын сакталышы боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кармалган.
Жергиликтүү компаниялардын бирине таандык өндүрүштүн күмөндүү акциздик маркалары менен ар кандай өлчөмдөгү 16 миң 932 бөтөлкө тартып алынган.
Рейддик материалдар тийиштүү чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын Жайыл жана Панфилов райондору боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.