Бирок бул жашоо булагы соолуп бара жаткандай, себеби акыркы жылдары мал жандыктарынын саны өсүп, жайыттарды туура эмес пайдалангандыктан алар бузулууда.
Кыргызстандын жайыттары көптөн бери «SOS!» деп жардам сурап келет
Жайыттардын абалы көптөн бери өлкөгө көңүл кош карабаган ар бир кыргызстандыкты тынчсыздандырып келет.
“Эгерде жайыттардын бузулуусун көзөмөлгө алып, бул маселе чечилбесе алдыда коркунуч күтүп турат деп келишет окумуштуулар. Жаратылыш ресурстарын аша чаап пайдалануу курчап турган чөйрөнүн бузулуусуна алып келет. Бир эле жерлерде көп сандаган малдарды кайтаруу менен ал жерлер такырланып, жаан жааганда жерди жууп кетүүдө. Башкача айтканда, убактылуу суу агымдары топуракты дагы, өсүмдүктөрдү дагы бузууда ‚-деди ал. ”
Жакындап келе жаткан табигый кырсык
КРнын Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги жайыттарда малдын туура эмес жайылганы алардын бузулуусунун негизги себеби экенин билдирет. жазында жана күзүндө малдар жакынкы жайыттарга жайылып, алыскы аймактарга мал барбай жатат дегенди билдирет. Мындай көрүнүш көптөн бери же жайыттарды советтик башкаруу урап, кайра куруу башталгандан бери кайталанып келет, натыйжада ата-бабалар жайлаган жайлоолорго азыркы чабандар чыкпай, алыскы жердеги жайыттарга жетпей эле, жакынкы жердеги жайыттар бузулууда.
Кыргыздар байыртадан эле бир жерден экинчи жерге көчүп конуп, жайыттардын абалына өзгөчө көңүл буруп келишкен. Кышында кыштоого, күзүндө күздөөгө барышчу. Кыштоо үчүн тоо араларындагы жайыттар пайдаланылса, күзүндө жана жазында түздүктөрдө жайлашчу. Ал эми жайында чөп көп чыккан жана суу кенен болгон жерлерге конушчу.
Эмнеге кырсык?
Жайыттарды туура пайдаланбоо тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу Ростислав Ионов айтып берди.
Андан соң өсүмдүктөр түп орду менен жоголот. Топурак эрозияга туш болуп, селдер көп жүрө баштайт. Айрым жерлерде, суу сактагычтарда насостор пайда боло баштады.
“Бирок эмнегедир биз жайыттардын бузулуусу – биосфералык механизмдердин бузулуп жатканы экенин унутуп койдук”,-деди Ионов.
Кыргызстан ар тараптуу кызматташуу үчүн
Эксперттик коомчулук Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын жобосуна ылайык иштеп, Кыргызстан кошулган эл аралык экологиялык конвенциялардын сакталашын көзөмөлдөшү керек деген пикирде.
Кыргызстан биринчилерден болуп БУУнун такырлануу боюнча конвенциясына кошулган, бул глобалдуу макулдашуулардын бири болуп саналат. Ал эл аралык кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча эффетивдүү чараларды көрүүгө багытталган. 2014-жылдын октябрь айында 2015–2020-жылдарга карата Улуттук план иштелип чыккан.
Жерди коргоо, топурактарды, жайыттарды калыбына келтирүү – бул жер шарында жашаган адамдарга тиешелүү болгон негизги маселе. Маалымат ийгиликтүү берилсе демилгелер пайда болуп, жакшы иштер жүргүзүлөт.
Маселени чечүү жолу бар
Эки жылдык тестирлөөнүн жыйынтыгында дал ушул механизм жайыттарга байланышкан бир катар маселелерди чечүүгө чоң жардам берди. Бул маалыматтык система Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы Суусамыр талаасында мал жайган 11 районго киргизилген. Ошондой эле бул Арменияны, Казакстанды, Тажикстанды дагы кызыктырып, жайыт колдонуучулар арасында мындай системаны жайылтуу керектиги белгиленди.
Буга көрүнүктүү мисал
Жайыттарды рационалдуу пайдалануу – бир катар маселелрди чечет
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматов билдирди.
“Биринчиден, жайыттарды жакшы пайдаланууга коомчулуктун көңүлүн буруу керек. Экинчиден, жайыт колдонуучулардын өздөрү дагы ал жайларды жакшы карашы керек. Жайыттарды жакшыртууга багытталып, кабыл алынган мыйзамдарга карабастан малды туура эмес жерлерге кайтаргандар болууда, ошондой эле малдын саны күн санап өсүүдө. Үчүнчүдөн, жайыт көпүрөлөрүн куруу зарыл. Топурактын, жайыттардын бузулуусунун алдын алуу үчүн жаратылышка аяр мамиле жасоо керек. Төртүнчүдөн, жайыттарды колдонуучулар климаттын өзгөрүүсүнө адаптация болуусу керек. Бешинчиден, жайыттарды башкаруудагы экономикалык, социалдык маселелерде айымдардын катышуусун камсыз кылуу. Мунун баары жайыттарды сактоого багытталган”.
Эксперт Нурлан Орозбаев СССР маалында жайыттарды жакшы карап, аларды дарылап турушканын азыр мындай чаралар көрүлбөстүгүн айтты. Республиканын жер фондун колдогон долбоорлорду каржылоо зарыл.
Профессор-эколог Эмил Шүкүров жакшы жайыт деп үрөн калган жерлерди айтса болот. Себеби мындай жайыттарда же мал көп кайтарылбайт же жакшы корголот.
Эң көйгөйлүү маселелердин бири карагандын жайылуусу. Бул отоо чөптү чаап салсаң дагы кайрадан өсө берет. Анын тамыры жердин жүздөгөн метрине терең киргендиктен андан арылуу оңойго турбайт. Панфилов районунун жайыт комитетинин жетекчиси Салмор Нуржанов өз комитетинин тажрыйбасы менен бөлүштү.
Ветеринарлар жайыттардын аз болуп жатканы боюнча маселени башка жол менен чечүүнү сунуштап келишет. Кыргызстандагы селекциялык ишти жандантуу керек. Башкача айтканда, көп сүт берген же эт берген уйларды жасалма жол менен уруктандыруу керек, ошондо бир эле уй 10–15 кунаажындын ордун басат.
Жер ресурстарын, суу ресурстарын кадимки көрүнүш катары карабай, аны сактообуз баалообуз керек, ошондо гана байлыктарыбызды сактап кала алабыз.
Ирина Байрамукова