Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Сочи шаарына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы билдирди.
Жээнбековду Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколунун департаментинин башчысы Игорь Богдашев жана Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев тосуп алышты.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Биримдиктин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланат.
Ошондой президент Орусия өлкө башчысы Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү болжолдонууда.