- Марат Дүйшөбаевич, Соода-өнөр жай палатасы иштегенден баштап Кыргызстан үчүн тажрыбайлуу кандай жакшы нерселер жасалды?
- Палата деген дүйнө жүзү боюнча өзүнчө бир башкача институт. Палаталардын тарыхы 500 жылга барабар. Ошол үчүн ар бир өлкөдө аларды эсептеп чыгат да ошого карата иш жасашат. Мисалы, конструкция барбы-жокпу, президент, өкмөт барбы жокпу, анан дагы кандай талаптар бар, алардын ортосунда сөзсүз Соода-өнөр жай палатасы барбы жокпу ошолорду карашат.
Экинчиден, өкмөт болсо дагы ишкерлер өкмөткө чейин жете алышпайт, көйгөйлөрүн айтып бере алышпайт, ошонун баарын соода-өнөр жай палатасы акырындап чечип, байланыштырып жасайт. Башка чет өлкөлөр дайыма бизден сурайт: «Палата менен байланышың барбы? Жок болсо бизге келбей эле койгула» дейт.
- Демек, палата деген бул өзүнчө экономиканын туруктуулугун көрсөткүчү болуп эсептелет турбайбы…
–Ал өзүнчө кичине гарант. Биздин палатанын 60 өлкөдөн көп башка палаталар менен байланышы бар. Меморандумдар жазылган, чоң өлкөлөрдө биздин 20 ашык өкүлдөр бар. Анткени кантип иштеш керек, кандай товарлар керек, кандай мыйзамдар бар, ошонун баарын палата акырындап биздин ишкерлерге айтып бериш керек.
Биринчиден, башка өлкөдө бизнес кантип өтүп жатат, кандай мыйзамдары бар түшүнүш керек. Мен бул жерге келгениме 6 жыл болду. Өзүм дагы бизнесменмин.
- Эмне бизнес менен алектенип жатасыз?
- Ак-Марал деген корпориция дегенди билесиңерби? Эң биринчи телевизорлорду Gold star мен алып келгем. Ал убакта Советтер Союзу болгон. Анткени мен көбүнчө жалаң эле согуш үчүн коргоо секторунда иштедим. Убакыт келип жатканда жарандык өндүрүшкө өтпөсөк болбойт деп сездим. Акырындап коргонуу өндүрүштөрүн бүтүрүп, телевизор, муздаткыч сыяктуу ар кандай товарларга өткөнбүз. Ошентип иш баштаганбыз.
–Бүгүн палата маалыматтан башка кандай маселелерди чечет?
- Биз атайы ишкерлер үчүн ар кандай жолдорду таап жатабыз. Бизнесмендер көздү ачыш керек. Чет өлкөдөгү көргөзмөлөр же окуу болсо ал жакка алып барабыз. Бул жакта дагы өзүбүздүн профтех билим берүү боюнча окууларыбыз бар, ар кайсы адистик боюнча окута баштадык.
- Мисалы болжол менен алганда сиздин заводуңузга канча адис жетишпей жатат?
- Мынча адис жетишпейт деп айалбайм. Баары башка фирмалар менен биригип реконструкция өтүп жатат. Кечээ күнкү телевизор чыгарган заводду фармоцевтикалык кылып, же ар кандай макарон жасаган ишкана кылып. Ысык-Көлдөгү Ак-Марал комплексин көрдүңөр беле? Ал дагы биздики. Ал жактагы жыгач үйлөрдүн баары менин заводумдан чыккан. Андан тышкары чоң реконструкция жасап миллиондогон долларга жаңы станокторду алып келдим.
- Бүгүн палатада канча мүчө бар?
–Учурда палатада миңдей мүчө бар, бирок ал мүчөлөрдүн ичинде 50гө жакын ассоциациялар бар. Ар бир ассоциацияда 50–100гө чейин мүчөлөр бар, ошондо палатада 6–7 миңдей мүчө болот. Элди жыл сайын эки жолу комиссиялык тандоодон өткөрүп, былтыр жылдын аягында 10 чакты адамды Германияга окууга жөнөттүк.
–Силер жылда бир съезд өткөрөсүңөр, ошол съездден палатанын жумушун жыйынтыктайсыңар туурабы? Жылдан жылга силер статистиканы салыштырасыңар. Ошондон өсүү болуп атабы? Же билинбейби? Кандай бааласа болот?
–Өсүү болуп жатат, бирок өткөн жылы кичине анча жакшы болбой калды. Биз Евразиялык биримдикке өтүп кеттик. А палата товар кайсы жерден чыкканы боюнча өзүнчө сертификат берчү. Евроазия биримдигине өткөндөн кийин андай сертификаттар кереги жок болуп калды. Ошол учун финансы боюнча палатанын иштери кичине аздык болуп жатат.
–Эмне үчүн палатанын сертификаты аларга документ катары каралбайт?
–Палатанын баарынын документтери каралбай калды. Анткени Евразиялык биримдик бул өзүнчө жаңы өлкө болуп кетпедиби, чек аранын ортосунда мындай документ кереги жок. Сенден товар чыкса болду ал сенин товарың.
- Палатада дагы кандай кыйынчылыктар болуп жатат?
–Кыйынчылык дайыма эле бар да. Бир күнү бар, бир күнү жок. Анан баарын эле кыйынчылык деп айталбайм. Кадр эле жетпейт, антип айтсак деле туура эмес, оптимизация кылып, керектүү кадрларды калтырып, кээ бирлери өзү кетишет. Бирок жанагы айткандын баары аткарылса дагы жаш кадрлардан алып палатаны күчтүүрөөк кылабыз.