Мындай колдоонун арты менен өлкө экономикасы өсүп, капчыгы кеңейээрин аталган палатанын вице-президенти Рима АПАСОВА билдирди. Мындан тышкары Рима Тунгучбаевнадан байма-бай уюштурулуп жаткан көргөзмөлөр, тышкы экономикалык байланыштар жана соода өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү тууралуу да маалымат алдык.
Көргөзмөлөр:
Кыргызстанда көргөзмөлөр боюнча атайын түзүлгөн координациялык кеңешме бар. Кеңешменин башында вице-премьер министр Олег Панкратов жана анын орун басары катары соода өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев турат.
2017-жылдын май айында өкмөттүн уюштуруусу менен “Айыл-Агро” көргөзмөсү Бишкектеги эски аянтта болду. Көргөзмөнүн алкагында айыл-чарба техникаларынын тетиктерин алууга келишимдер түзүлдү.
“Бишкек” аталышындагы жарманкени Бишкек шаарынын мэриясы жана соода өнөр-жай палатасы менен биргеликте өткөрөт. Уюштурулуп жаткан жарманкелер жеке ишкерлердин өндүргөн продукцияларын сатууга жана өнөктөш табуусуна өбөлгө түзөт. Анткени чет мамлекеттен да жеке ишкерлерге, ири компанияларга алдын-ала көргөзмө тууралуу маалымат берип, чакыруу жөнөтөбүз. Алар келип, биздин продукцияны көрүп, жакса келишим түзүп, мындан ары иштешели деген сунуштарын берип кетишет. Негизинен Россия, Казакстан, Тажикстан мамлекеттери келип катышат. Ал эми акыркы учурда Өзбекстандын беш чоң компаниясы да келүүдө. Себеби, Кыргызстандан чыккан продукциянын органикалык таза экенин билип, Өзбекстандын да кызыгуусу пайда болууда. Мындан тышкары жыл сайын кытайлардын жарманкеси болот. Алгач көргөзмө өткөрөөр алдында Кытайдын тиешелүү компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзөбүз. Бул жылы көргөзмөнү “Хуан-хе-Internatinal” бизнес-консалтингинин өкүлү Лю уюштурат. Аталган көргөзмө 2017-жылдын 26-августунда өтөөрү пландалууда. Учурда келишим боюнча иштер жүрүп жатат. Жарманке көп тармактуу өтөт. Ошондой эле айыл-чарба продукциясы жана кайра иштетүүчү ишканалар сөзсүз түрдө көргөзмөгө өз продукцияларын алып чыгат.
Ал эми Туризм тармагы боюнча көргөзмө өзүнчө өткөрүлөт. Бул боюнча уюштуруу иштерин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колго алат. Аталган тармак боюнча көргөзмө Ысык-Көлдө болот. Алгачкы жарманке май айында өткөрүлдү. Ал жакка кызыктар болгон туристтер жана дарылануучулар чакырылып, Ысык-Көлдөгү эс алуучу пансионаттар жана ден-соолукту чыңдоочу жайлар менен тааныштырылды. Чет жактан канчалык көп эс алуучулар келсе, Кыргызстандын экономикасынын жана туризм тармагынын өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Ошондой эле, Индия мамлекети дагы биздин медициналык туризмге абдан кызыгууда.
Тышкы экономикалык байланыштар:
Тышкы экономикалык байланыш — бул соода өнөр-жай палатасынын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыты болуп саналат. Баардык чет мамлекеттер менен келишим түзүп, иштешкенге укугубуз бар. Тактап айтканда, учурда 60тан ашык мамлекет менен келишим түзө алабыз. Бул биздин ишканалар менен биргеликте иштөөгө өнөктөш таап берүүгө жардам берет. Ошондой эле Кыргызстанда же чет өлкөлөрдүн аймагында эч тоскоолдуксуз бизнес-форумдарды өткөрүүгө болот. Мындай эки тараптуу сүйлөшүүлөргө соода өнөр-жай палатасы мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Борбор Азиядагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгү менен келишимдер түзүлүп жатат. Кытай жана Россия менен соода жүргүзүү өз нугунда жүрүүдө. Мындан тышкары акыркы эки жылдан бери Араб өлкөлөрү менен байланыш жанданды. Анткени өлкө башчы Алмазбек Атамбаев ал жакка расмий иш сапары менен барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Ошонун жыйынтыгында быйыл Катарда өткөн көргөзмөгө катышып келдик. Катар менен болгон биринчи экономикалык байланышты жандандырдык. Биздин өндүрүшчүлөр алып барган өнүмдөргө абдан кызыгышып, келишимдерди түзүштү. Атап айтсак, бал, суу, кургатылган мөмө-жемиштер жана туризм.
Кытай мамлекети менен кеңири багытта иш алып баруудабыз. Бүгүнкү күндө Кытай менен болгон товар айлантуу миллиарддан ашты.
Соода өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү:
Наргиза ӨМҮРБЕК кызы