Экономика министрлигинде Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү Кеңешинин биринчи жыйыны болду. Ага министрликтердин, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Кеңештин жобосу боюнча презентация болду, ДСУ менен соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү макулдашуусун ишке ашыруу планы жана Торугарт өткөрүү бекетиндеги бизнес процесстерди иликтөөлөрдүн натыйжалары айтылды.
Натыйжада Кеңеш 2016-жылдын ноябрь айында КРда ратификация болгон ДСУ менен соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү макулдашуусун ишке ашыруу боюнча планды бекитти. Планга ылайык, чек ара аркылуу өткөрүү, бажы боюнча каттоону жеңилдетүү сыяктуу маанилүү иш-чаралар каралган.
Иш-чаралар планы 2017–2022-жылдарга эсептелген. Негизги план 6 жумушчу топ аркылуу ишке ашырылат, анын курамына мамлекеттик структуранын жана бизнес өкүлдөрү кирет.
Кол коюлган планга ылайык, ата мекендик ишкерлерге жана бизнесмендерге соода кылууда жеңил болуп калат. Бул жарандык коомдун жана бийликтин биргелешкен аракети менен ишке ашып жаткан биринчи документ эмес.