Бирок бизнесмендер жана майда ишкерлер 180 миллион калкы бар ЕАЭБдин рыногуна товарларды салыксыз ташуу канчалык пайдалуу экенин дароо түшүнүштү.
Ошондой эле ЕАЭБдеги мамлекеттер үчүн жеткирилген товарлардын сапаты канчалык маанилүү экенин жана алардын талаптарын товар ташуучулар билип калгандай.
Ал эми биздин бизнесмендерге техникалык жана юридикалык жактан жардам көрсөтүү боюнча айтпай деле койсок болот. Бийлик бизде эркин базар болгон соң товар ташуучулар дагы ЕАЭБдин рыногуна чыгуу жолдорун өздөрү өздөштүрүп алсын дегенчелик кылып коюшту.
Эми гана ЕАЭБдеги рынок үчүн ички рыноктогудай эле күрөшүү керек экени белгилүү болду. Биздин товарлар тиешелүү сертификатка ээ болбосо жана ар кандай ветеринардык жана санитардык текшерүүлөрдөн өтпөгөн болсо бизди ал жакта эч ким күтпөй турганы белгилүү болду.
Ишкерлерге жалгыз лабараториялардан сертификат алууну уюштуруу кыйын болгондуктан , соода кооперациясы институтун өнүктүрүү зарыл. Себеби биздин кооперациялар тууралуу мыйзамдар Евробиримдик менен бирге, башкача айтканда Германия жана Нидерланды менен бирге иштелип чыккан.
Бул тууралуу ишкерлер өздөрү дагы айтып келишет.
28-декабрда “Ала-Арча ” резиденциясында премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргызстандагы ишканалардын сапаттарына карап премия тапшыруу аземи болду.
Бул форумда ишкерлердин бири Алмаз Мусабаев төмөнкүлөрдү айтты: “Экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн соода кооперативдерин түзүү зарыл”. Бул тууралуу жашылча-жемиш өстүргөн айылдык дыйкандар дагы айтып жатышат.
Керек болсо эт, сүт жана башка айыл-чарба рыногуна аталган мамлекеттер бардыгын ташууну көздөп жатышат. Себеби бул мамлекеттерде айыл-чарба мамлекеттен чоң колдоо алып келет. Ошондуктан бир гана “экологиялык жактан таза” деген бренд менен товарды сатуу мүмкүн эмес.
Бул жерде биздин бийлик ишкерлерге укуктук колдоо көрсөтүүчү жана соода кооперативдерин колдоочу чоң жардам көрсөтүүсү керек.