Кыргыз сомунун 25 жылдыгына карата Улуттук банк эки коллекциялык тыйындарды чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, биринчиси — “Тарыхый окуялар” сериясынан “КР улуттук валютасына 25 жыл” коллециялык тыйыны, экинчиси — “Улуттук музыкалык аспап” сериясындагы “Комуз” коллециялык тыйыны.
5 сом номиналындагы тыйындан 5 миң даана чыгарылган, баасы 500 сом.
“Комуз” тыйыны күмүштөн жасалган- баасы 2905 сом. 1000 даана чыгарылган.
Абдыгулов билдиргендей, Улуттук банк коллекциялык тыйындарды 1995-жылдан бери чыгарып келет.