Банк тармагынын насыялык портфели өсүүдө, башкача айтканда, депозиттер жогорулады.
ИДП 6,7 пайызга өскөн, аны менен катар эле акча базасы бизнестин талаптарын камсыз кылуу үчүн 15–20 пайызга өсүшү керек эле.
Акча базасынын жана жүгүртүүдөгү акчанын өсүүсү өкмөттүн чыгымдарынан көз каранды. Ошондуктан 2016-жылы база 21,5 миллиард сомго, ал эми 2017-жылдын биринчи жарымында 3,2 миллиардга өскөн.
“Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын жогорулоосу инфраструктуралык долбоорлорго байланыштуу. Ошондой эле маяна берүү, субсидия жана социалдык жөлөк пулдарды төлөө дагы таасир берген”,-деп жазылат Улуттук банктын жообунда.
Акча көп болгону жакшыбы? Учурда 2014-жылга салыштырмалуу сом рублдан көз каранды, себеби ЕАЭБдин айынан башка рынокторго чыгуу кыйын болууда. Бирок валютанын күчтүү болуусу ата мекендик ишкерлерге пайдалуу эмес.
Бирок бизде 80 пайыз товарлар импорттолуп келет, эгерде курс өзгөрсө бул баанын жогорулоосуна алып келет.
Эгерде азыр акчаны чыгаруу көлөмү азайбаса, анда Кыргызстандыктар пачкалаган акчаларды мүшөктөп көтөрүшүп, жазында кризис болот.
Улуттук банк былтыр 0,5 пайыз дефляция болгонун бирок экономикалык активдүүлүк жайлаганын эске салды. Ошондуктан КРнын Улуттук банкы инфляцияны 5–7 пайызда кармоону чечкен (ал көбөйсө экономика өсөт же тескерисинче болот).