Пилоттук долбоордун алкагында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы калкты тейлөө үчүн “бирдиктүү терезе” принциби менен иш алып бара баштады.
ЭКОНОМИКА бул долбоор эл үчүн абдан ыңгайлуу жана зарыл деп эсептейт. Себеби көпчүлүк өлкөлөр тейлөөнүн дал ушул түрүн колдонуп келишет. Себеби баардык кызматтар бир жерде болгону бир топ ыңгайлуу.
СССР убагында түзүлгөн ЗАГС институту эскирди. Эми паспортко никеси бардыгы тууралуу мөөр койдуруу үчүн жана балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кезек күтүп туруунун кажети жок.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн төмөнкү 5 мамлекеттик орган тартылган: Экономика министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Социалдык фонд.
Документтерди электрондук түргө өткөрүү этап менен жүргүзүлөт. Долбоор бүткөн соң 2017-жылдын 1-июнунда Экономика министрлиги пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча резолюция чыгарып, системаны башка аймактарда иштетип көрүү болот.