Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйттү. Бул максатта президенттик фондунан 7 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.
Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо ай сайын өмүр бою төлөнүүчү стипендиясы согушта майып болгондорго, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларга 10 000 сом өлчөмүндө төлөнөт. Ошондой эле ай сайын жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялар:
–согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына – 7000 сом;
–согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине – 1000 сом;
–майыптуулугу бар ооруктун эмгекчилерине – 2000 сом;
–майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине – 1000 сом;
–эмгек армиячыларына – 2000 сом;
–согушта майып болгондордун, катышуучуларынын жана Ленинград блокадчыларынын жесирлерине – 1000 сом.
Мындан тышкары, жыл сайын 9-май Жеңиш күнүнүн урматына кошумча бир жолу акчалай жөлөкпул төлөнөт. Алсак:
— согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына – 15 000 сом;
–согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине, ооруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына – 10 000 сом.
Буга кошумча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына президенттик фонддон 15 миң сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү акчалай жөлөкпул берилет.
Андыктан, бул айда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына (ар бирине) берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 миң сом, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 47 миң 400 сом, согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине 11 миң 200 сом, майыптыгы бар ооруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына 12 миң 100 сом, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 11 миң 100 сомду түздү.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылга карата өлкөдө согуштун 475 ардагери бар. Анын ичинен 128 – согуштун майыптары, 299 – согуштун катышуучулары, 23 – концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 25 – Ленинград блокадачылары.