• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Согушка катышуунун баасы 240 миң рубль

dsc_9899

👁 1,522

Сириядагы согуш бул теманын тегерегиндеги көптөгөн сөздөрдү жана кызыкчылыктарды жаратууда.

ЭКОНОМИКА буга чейин келишимдин негизинде эл аралык аскердик уюмдар менен кызматташкан эс алуудагы офицерлердин маегин жарыялаган.

Редакция бул темага кайрадан кайрылып, менчик аскердик компания (МАК) деген эмне экендиги тууралуу тагыраак маалымат берүүнү чечти.

Бирок саясатты сөз кылбайбыз жана кимдики туура, кимдики – туура эместиги тууралуу да.

Бул эмне экендигин түшүнүү маанилүүбү? Менчик аскердик компания деген эмне жана мурдагы Союздун жарандарынын ага кошулууга кандай мүмкүнчүлүгү бар?

Биринчиден, менчик аскердик компаниялар тарабынан түзүлгөн отряддардын жоокерлери РФнын Коргоо министрлигинин аракеттеги жоокерлерине тиешелүү эмес. Муну эске тутуу зарыл.

Бирок! Анткен менен МАКтын тутумундагы жоокерлердин күжүрмөн эрдиги үчүн алган Мамлекеттик сыйлыктары жана бул тууралуу жеке иликтөө жүргүзүп, «Рейтер» агенттиги айткан жагдайлар бир топ суроолорду жаратат. Бул чыныгы күжүрмөн ордендер.

Экинчиден, Россияда азырынча менчик аскердик компаниялар тууралуу мыйзам жок, бирок алар иш жүзүндө бар. Интернетте Вагнердин кайсы бир тобу тууралуу маалыматтар тарап жатат.

ЭКОНОМИКА РФнын Федералдык Салык кызматынын сайтына кирип, юридикалык тараптарды мамлекеттик каттоо тууралуу реестрден ар кандай комбинациядагы «Вагнер» деген аталыштагы 92 компанияны тапты. Алардын бири да жеке аскердик компания катары катталган эмес. Мындайды кылдат изилдегенде да мүмкүн эмес.

Бириккен улуттар уюму 2008-жылы менчик аскердик компаниялардын ишмердүүлүгүн регламенттештирди жана бул документ 2008-жылдын 17-сентябрында кабыл алынып, «Монтре документи» деп аталат. Анда мындай деп айтылат:

«МАК – бул алар өздөрүн кандай мүнөздөгөндүгүнө карабай аскердик же күзөт кызматын көрсөткөн менчик ишкерлик субъектилер. Атап айтканда аскердик жана күзөт кызматтарга адамдар менен объектилерди куралдуу коргоо жана коштоп жүрүү кирет, мисалы, транспорттук колонналар, имараттар жана башка жерлер; күжүрмөн комплекстерди техникалык жактан тейлөө жана эксплуатациялоо; абактагыларды камакта кармоо; жергиликтүү аскер кызматкерлери жана күзөтчүлөргө консултация өткөрүү же даярдоо».

Ошол эле документте мамлекет баардык МАКтар менен келишим түзүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөн, бирок мындай учурда алар (мамлекет-контрагенттер) өздөрү жалдаган структуралардын аракетине жоопкерчиликти алат, анын ичинде эл аралык укутардын бузулушу үчүн да.

Эгер Россияда МАКтын бар экендигин жашырууга аракет кылышса же жок дегенде жарыялагысы келбесе, Батышта бул эбактан бери эле практикаланууда.

Өз учурунда АКШнын коргоо министри Ричард Чейни сушундай бир компаниялардын бирин өзү жетектеген.

Бүгүнкү күндө согуш жүрүп жаткан аймактарда 400дөн ашык менчик аскердик компаниялар бар, бирок алардын айрымдары гана кеңири белгилүү. 

    • Academi (АКШ)

    Бул компания АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн атайын бөлүгүнүн отставкадагы офицери Эрик Принсом тарабынан негизделген. Анын карамагында заманбап полигон, тик учактар, катерлер жана АКШнын жээк күзөтү колдонгон кароолчу кемелери бар. Учурда өзүнүн кызматкерлерин окутуу үчүн машыгуучу комплекстерди курууда жана ошондой эле АКШнын куралдуу күчтөрү жана атайын кызматтарынын катардагы жоокерлерин окутуу менен келишим менен иштейт. Мурдагы Blackwater 2003-жылы апрелде Ирактын Фаллуджа шаарында жергиликтүү эл ок чыгарууга мажбурлаган чатактан улам кармашкандан кийин кеңири белгилүү боло баштаган. Бул кармаштын кесепетинен компаниянын төрт кызматкери экстремисттер тарабынан кармалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ага жооп катары бириккен коалициянын жоокерлери шаарды курчоого алышып, тынч турмушта жашаган элдин арасынан көптөгөн курмандыктар болгон. Бирок 2007-жылы гана америкалык өкмөттөн Ирак аймагында атайын тапшырманы аткаргандыгы үчүн 1 миллиард доллардан ашык акча алган. Ташкентте өкүлчүлүгү бар.

    • Kellog, BrownandRoot (АКШ)

    АКШнын мурдагы вице-президенти Дик Чейнинин Hаlliburton компаниясынын структуралык түзүмү болуп саналат, Югославия чатагында жигердүү катышкан –логистикалык компания жана жергиликтүү полиция үчүн кадрларды даярдоочу негизги түзүм катары. Ошондой эле Ирактагы мунай кендери жана өнөржай объекттерин кайтаруу менен алектенет.

    • Groupe-EHC (Франция)

    1999-жылы француз армиясынын мурдагы офицерлери тарабынан түзүлгөн. АКШдагы биринчи француздук аскердик компания. Компания тобокелчилик деңгээли жогору аймактарда, эң оболу мурдагы француздук колонияларда жана африкалык өлкөлөрдө иштейт. Ирак, Пакистан, Афганистан, Индонезия, Польша мамлекеттеринде иштеген тажрыйбасы бар.

    • MPRI International (MilitaryProfessionalResources) Inc. (АКШ)

    АКШнын куралдуу күчтөрү жана 40тан ашык өлкөлөрдөгү чет элдик өкмөттөргө кеңири чөйрөдөгү комплекстүү кызматтын түрлөрүн көрсөтөт. Компания атайын аскер түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окуу жана колдоо программаларын, ар кайсы аймактардагы чыр-чатак кырдаалдарын жөнгө салуу кызматтарын, мамлекеттик аскер түзүмдөрүнүн жеке курамдарын башкаруу маселесинде окутуу жана даярдоону, атайын операцияларда аналитикалык колдоону жана башка жардамдарды көрсөтөт. Афганистан, Кувейт, Босния, Экваториалык Гвинеяда коопсуздук боюнча программаларды алып барат.

    MPRI International негизги функциясынан тышкары мамлекеттик органдарга маалыматты натыйжалуу анализдөө стратегиясын иштеп чыгууда, иликтөө жүргүзүүдө колдоону жана коомдук пикирди баалоодо көмөк көрсөтөт. Ошондой эле өзүнө башкы инспекторлордун атайын институтун түзүүнү камтыган ар бир министрлик менен ведомстводогу туруктуу жана туруктуу эмес шарттардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо үчүн программа түзөт.

    Азыркы учурда компанияны башкарууну АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Панамадагы “Чөлдөгү бурганак” операциясындагы экспедициялык армиясынын штабынын мурдагы начальниги, генерал К. Вуоно жана генерал Э.Сойстер, РУМОнун – АКШнын аскердик чалгынынын мурдагы жетекчиси ишке ашырууда.

Россияда бүгүн МАКты легалдаштыруу боюнча айыгышкан талаш жүрүүдө. Дума депутаттарынын арасында МАК тууралуу маселе бир нече ирет көтөрүлгөн. Россия мыйзамдарында айрым дал келбестиктер бар. Россияда өлкө аймагында, анын ичинде МАКка жалданмачылык жана жалдануучуларды даярдоо үчүн тыюу салган кылмыш беренеси бар.

Бирок Россияда МАК бар жана алар күзөт ишканасы, консалтингдик агенттик катары иштегендиги маанилүү эмес. Интернетте көп эскертилген менчик аскердик компаниялар бар, мисалы, ачык иштеген “РСБ-Групп” компаниясы.

Прессада башка да Ирак, Афганистан, Күрдистан, Шри-Ланка жана башка согуш оту тутанган аймактарда “иштеди” делген МАКтар — «Антитеррор-Орел», «Тигр Топ Рент Секьюрити», «Феракс», «Редут-Антитеррор» тууралуу көп айтылат. Дүйнөлүк аренада “жарк” эткен өтө ири МАКтар бул — “Вагнердин МАКсы” жана “Славян корпусу”. “Вагнердин МАКсы” бул “Славян корпусу” жоокерлеринин камалган жана жоопко тартылгандан кийинки командасы.

ММКада Вадим Гусев жана Евгений Сидоровдун корпусунун жоокерлерин түз эле аэропортто кармашып, жалданмачылык беренеси боюнча соттошкон деп жазылган. Бул түзүмдүн калган мүчөлөрү кайрадан чогулуп, бүгүнкү күнгө чейин сөз жүрүп жаткан жаңы МАК түзгөн.

Акыркы жолу ЛДПР депутаты Сергей Морозовдун жардамчысынын каза болгондугу тууралуу маалымат тарады. Жеке иликтөө жүргүзгөн “Рейтер” агенттиги Морозовдун Мамлекеттик сыйлык менен сыйлангандыгы тууралуу фактыны тапкан. Демек, Мамлекет бул МАК менен кызматташабы?

Бирок ЭКОНОМИКАны такыр башка жагдай кызыктырат. Менчик аскердик компанияга жумушка орношуунун канчалык мүмкүнчүлүгү бар жана шарттары кандай? Моралдык-этикалык суроо контракчылар айткандай бул экинчи маселе, ал эми азыр мындан канча акча иштеп тапса боло тургандыгы маанилүү.

Фонтанка.ру порталынын маалыматы боюнча, согуш жүрүп жаткан аймактарга катышуунун бир айлык маянасы 240 миң рублди түзөт, сомго которгондо теңме-тең болуп калат – таасирлентеби?
Полигондо даярданган учурда – бул айына 80 миң рубль.Командировкага чыккан учурда — 120 миң.
Днепропетров областынын губернатору Игорь Коломойскинин менчик армиясында Forbesтин маалыматы боюнча маяна жогору — айына $1260.

МАКтын өзүнүн милдеттери/укугу боюнча болсо, алар Монтре документи менен 17 мамлекет кол коюп, ал МАКтын аскердик чыр-чатакка катышуу учурунда укуктук милдеттерин жана практиканы аныктайт.

Демек, баа маселеси түшүнүктүү, болгону ал жакка кантип кирүү гана түшүнүксүз.

Эгер сиз РФнын жараны болсоңуз, ал тургай азыр жаран катары саналбай калсаңыз да, анткен менен чет тилин билип, бул тилдерди зарыл учурда тишиңиздин артына ката алсаңыз, демек анда кааласаңыз ал жакка кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз!

Сиз соттолбогон болушуңузду, психологиялык жактан туруктуу, куралды колдоно билген жана башка касиеттерге ээ болушуңуз керек, булар тууралуу мурда жазылган жана колуңузга тууну кармай бериң. Эң негизгиси ак эмгегиңиз менен тапкан акчаны кийин жумшоо үчүн кийин тирүү калуу керек.

Балким МАК тууралуу маселе келечекте биздин өлкөдө да көтөрүлүп калар – муну убакыт көрсөтөт.

Жумушсуздардын көптөгөн армиясына ээ болуп, бирок ишке жараган жарандары жана чакан жөндөмдүү жоокерлери бар Кыргызстан армиясын реформалоону чындап кайра кароого мажбур болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости