Өзбек өкмөтү Кыргызстан менен соода көлөмүн жандатууга 100млн АКШ долларын жумшайт. Мындан сырткары коңшу өлкөдөн айыл чарба техникаларын лизингге алуу үчүн документтерге кол коюлду. Маалым болгондой, соңку бир жылда эки өлкөнүн соода жүгүртүү көлөмү 280 млн долларга жеткен.
Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев Бишкекке болгон иш сапарын Ош облусунда да улантты. Расмий топту алгач өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов тосуп алып, жолугушуу учурунда Ош облусу Кыргызстан жана Өзбекстан үчүн достук көпүрө болгонун, мындан кийин да достугун уланта берерин билдирди.
Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаевдин айтымында, иш сапардын максаты 2017-жылдагы өлкө башчыларынын жолугушуусундагы келишилген документтерди ишке ашыруу, эки өлкөнүн соода тармагын жандантуу болуп саналат.